Кыргызстанда табигый - илимий жана техникалык адистиктеги кыз-келиндердин «СТЕМдеги айымдар» тармагы түзүлдү

November 27, 2018, 06:00

Бишкекте 22 - 23-ноябрда өткөн семинарда табигый - илимий жана техникалык адистиктеги кыз-келиндер тажрыйбаны, илимий-техникалык маалыматтарды алмашуу жана ушул тармактарда иштеген айымдардын ролун алга илгерилетүү үчүн өз тармагын түздү. Семинар «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырып жатат.

 

Семинарга катышкан кыз-келиндер белгилегендей, соңку жылдардын ичинде, көзкарандысыздык жылдарынын ичинде, Кыргызстанда илимде жана инженерияда аялдардын эң төмөн үлүшү байкалууда. Өлкөдө техникалык факультеттердин саны бир нече эсе өскөнүнө карабастан, бул факультеттерде окуган кыздардын саны кыйшаюусуз азаюуда. Бул илимий изилдөөлөрдүн жана өнөр жай ишканаларынын санынын кыскарышы, өлкөдө жогорку технологиялар жетиштүү өнүкпөгөндүгү менен, ошондой эле, эң башкысы, коомдо илимпоз аял же инженер тууралуу бул «аялдардын адистиги эместиги» деген маданий стереотиптер орун алгандыгы менен байланышкан.

 

Семинарга катышкан кыз-келиндер, студент кыздар жана ЖОЖдордун окутуучулары, ошондой эле илимий мекемелердин жаш кызматкер кыздары өзүнүн күндөлүк ишинде жана окуусунда алар методикалык окуу куралдарынын жана атайын адабияттын, окуу лабораторияларында көрсөтмөлүү окуу куралдарынын жана базалык жабдуунун жетишсиздиги жагынан оорчулуктарды башынан өткөрүп жатканын баса белгиледи. Кыздар илимий же атайын адабиятка жеткиликтүүлүк жагынан, ошондой эле чет өлкөлөрдүн илимий басылмаларына чыгууга мүмкүнчүлүгү жагынан оорчулук бар, анын натыйжасында обочодо калгандай сезим пайда болот, эл аралык илимий коомчулук менен байланыштар жок деп белгиледи.

 

Семинарда «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун зор мааниси баса белгиленди, анын алкагында иш-чаралардын комплекси өткөрүлөт, ал Инновациялык долбоорлордун конкурсунан, лидерлик, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, техникалык англис тили жана коммуникациялык жөндөмдөр боюнча окутуучу онлайн - курстардан, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттер, илимий институттар менен байланыштарды түзүүдөн турат.

 

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Германиянын, Улуу Британиянын, АКШнын алдыңкы илимпоз кыз-келиндеринин тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Ар бир сөз сүйлөө кызыктуу дискуссиялар менен коштолду жана актуалдуу маселелер, аларды чечүү жолдору көтөрүлдү.

 

Бул семинар аяктагандан кийин «СТЕМдеги айымдар» тармагын түзүү чечими кабыл алынды, ал биринчи этапта социалдык тармактын платформасында кыздарды бириктирет, андан соң СТЕМ долбоорунун бетинде тармак киргизилет. Бул тармак бардык тармактардын ишин координациялоочу башкы борбор болот, анын башкы милдети жаш кыздарды инженердик адистиктерге, илимге тартуу болот. Катышуучулар тармакты түзүү маселелерин талкуулады, конкреттүү максаттарды жана милдеттерди, ошондой эле бул тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планын белгиледи.

 

Кең-кесири маалыматты www.roza.kg сайтынан табууга же 0312663538 телефону аркылуу алууга болот.