Борбордун жаңы конуштарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жигердүү тургундарынын ортосундагы кызматташтыкка арналган тегерек стол өттү

November 22, 2018, 06:00

2018-жылдын 19-ноябрында «Супара» этно-комплексинде ЮНФПАнын, ЮНИСЕФтин, БУУ УНПнын «Турак-жай конуштарында чыр-чатактардын алдын алуу үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында социалдык оорчулукту төмөндөтүү, ыктымалдуу чыр-чатактарды өз учурунда табуу жана чечүү үчүн турак-жай конуштарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жигердүү тургундарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу ишинин баяндамасы боюнча тегерек стол өттү.


Бул жолугушуу ЮНФПАнын, ЮНИСЕФтин жана БУУ УНПнын биргелешкен долбоорунун алкагында пилоттук турак-жай конуштарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жигердүү тургундарынын ортосунда өз ара аракеттенүү тажрыйбасынын баяндамасы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын, борбордун райондорунун муниципалдык администрацияларынын жана муниципалдык-аймактык башкармалыктарынын жетекчилери үчүн диалог аянтчасын берди. Жолугушууга Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Н.А. Кулматова, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы А.С. Давлетбаев, башкы адис М. Чыдыева, Бишкек шаарынын мэриясынын райондорунун төрт муниципалдык администрацияларынын башчылары С.Болотбеков, Т.Султанов, Н.Тынаев, Р.Айтымбетов жана 6 муниципалдык-аймактык башкармалыктардын начальниктери, ошондой эле жаштардын, коомдук ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү жана кварталдык комитеттердин активисттери катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө долбоор башталгандан берки иштин баяндамасы жасалды жана социалдык оорчулукту төмөндөтүү, ыктымалдуу чыр-чатактарды өз учурунда табуу жана чечүү үчүн 10 пилоттук турак-жай конушунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тургундар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу ыкмалары жана практикасы аныкталды.


Өз презентациясында долбоордун координатору С. Джусаева пилоттук турак-жай конуштарында жаштар демилгелери тарабынан долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, пилоттук турак-жай конуштарында тынчтык жана ынтымак идеяларын алга илгерилетүү үчүн жаштар топтору, улан-кыздар жүзөгө ашырган эдвокаси иш-чаралар жөнүндө, жаштар топторунун спорттук демилгелерин гранттык колдоо жөнүндө, биргелешкен гендердик жана чыр-чатакка чыдамдуу пландаштыруу боюнча МАБ менен сектор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө жана сергек жашоо ыңгайынын маселелери боюнча маалыматты таратууда ОКЗнын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө, турак-жай конуштарынын тургундарынын жана ОКЗнын ортосундагы ишенимди түзүү жөнүндө айтып берди. Чыр-чатактарды четтетүүнүн жана коопсуз чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө турак-жай конуштарынын маалымдар болушун кандай жолдор менен арттырууга болот. Натыйжалуу башкарууну алга илгерилетүү боюнча өзөктүү ыкмалар, позитивдүү тынчтык, социалдык жана гендердик теңчилик принциптери үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү сунуш кылынды.


Долбоордун ортолук натыйжалары көрсөтүлдү: 11 турак-жай конушунун 106 жаштар активисттери демилгелүү топторго бирикти, МАБдардын 27 кызматкери тренингден өттү жана МАБдардын 22 кызматкери пландаштыруу жана жамаат менен иштөө маселелери боюнча консультациялык колдоону алды, 7 жаштар демилгелери конкурс боюнча өттү жана 61,933 доллар суммасындагы финансылоону алды. 265 жаштар активисттеринин катышуусу менен 8 эдвокаси акция артыкчылыктуу маселелер боюнча кварталдык комитеттердин жана МАБдандын жардамы менен өткөрүлдү: спорттук аянтчаларды, балдар чыгармачылык борборлорун куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана электр энергиясын өткөрүү, 5 артыкчылыктуу багыт (билим берүү, эс алуу, спорт, экология жана коопсуздук) Жаштар программасына киргизилди. Ошондой эле оң практиканы кантип бекемдөө керектигинин жана жаштар топторунун, жигердүү тургундардын жана ЖӨБОнун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташтык тажрыйбасын кантип системалуу кылуунун жана финансылоо булактарынын маселелерине токтолду.


Кризистик борборлордун ассоциациясынын төрагасы Т.Тюлекова эки пилоттук МАБда түзүлгөн Аялдарга карата зомбулукту четтетүү боюнча комитеттерди жана башка МАБдарда сектор аралык өз ара аракеттенүү боюнча пландарды презентациялады.


Н.А. Кулматова шаардык Кеңештин депутаттарынын резервдик фонду жөнүндө, фандрайзинг жөнүндө, шаардык Кеңештин турак-жай конуштары боюнча стратегиялык пландар жөнүндө кең-кесири айтып берди жана 2020-жылы – шаардык кеңештин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жылында тургундарды – потенциалдуу шайлоочуларды жигердүү кызматташууга чакырды. Ошондой эле Н.А. Кулматова Шаарды өнүктүрүү планын аткарууну жана турак-жай конуштарын Шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык планына киргизүүнү контролго ала тургандыгын белгиледи.


Топтордогу иштин учурунда МАБдардын, жаштар топторунун жана коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү жана кызматташтык системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоо боюнча, сектор аралык өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралардын комплекси иштелип чыкты. Ошондой эле тегерек столдун жыйынтыктары боюнча долбоордун алкагында 2019-жылга иш-чараларды пландаштыруу үчүн сунуштамалар иштелип чыкты.


Жыйынтыктап жатып, катышуучулар жаштар демилгелерин ишке ашырууда кызматташкандыгы жана жардамы үчүн тегерек столдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.