Бишкекте борбордун жаңы конуштарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жигердүү тургундарынын ортосундагы кызматташтыкка арналган тегерек стол өтөт
November 19, 2018, 06:002018-жылдын 19-ноябрында «Супара» этно-комплексинде ЮНФПА-ЮНИСЕФ-БУУ УНПнын «Турак-жай конуштарында чыр-чатактардын алдын алуу үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында социалдык оорчулукту төмөндөтүү жана ыктымалдуу чыр-чатактарды өз учурунда табуу жана чечүү үчүн турак-жай конуштарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жигердүү тургундарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу ишинин баяндамасы боюнча тегерек стол өтөт.
Иш-чаранын максаты – долбоордун ишинин баяндамасын жүргүзүү жана социалдык оорчулукту төмөндөтүү жана ыктымалдуу чыр-чатактарды өз учурунда табуу жана чечүү үчүн 10 пилоттук турак-жай конушунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тургундар менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу ыкмаларын жана практикасын аныктоо.
Тегерек стол ЮНФПА, ЮНИСЕФ жана БУУ УНПнын биргелешкен долбоорунун алкагында пилоттук турак-жай конуштарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жаштар активисттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү тажрыйбасын баяндоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана 6 МАБдын (муниципалдык аймактык башкармалыктардын) өкүлдөрү үчүн диалог аянтчасын берет.
Тегерек столдун ишинин учурунда МАБдардын, жаштар топторунун жана ОКЗнын мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташтык системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплекси аныкталат.
Талкуулардын жыйынтыктары боюнча 2019-жылга долбоордун алкагында иш-чараларды пландаштыруу үчүн сунуштамалар иштелип чыгат.
Иш-чаралардын башталышы 14.30