«Тагдыр каармандары» поэзия кечеси

November 19, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте элибизге таанымал акындардын жана таланттуу жаш акындардын поэзия кечелерин 2016-жылдын март айынан тарта ай сайын үзбөй өткөрүп келатат. Кезектеги «Тагдыр каармандары» поэзия кечеси акын жана жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун , Темирлан Ормуковдун жана Гүлбарчын Исаеванын чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 29-ноябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Кичи залында өтөт. Башталышы саат 17.00


Мусакун Сатыбалдиев Жети-Өгуз районунун Саруу айылында туулган. Ал өзүнүн чыгармачылыгын райондук жана облустук гезиттерге макалаларды жазуу менен баштаган. 1975-жылдан тарта жазган ырлары, аңгемелери, эсселери, новеллалары жергиликтүү, республикалык газета-журналдарга, «Тоо булагы», «Көктөм», «Учкун» жана Москвадан чыгуучу «Истоки» деп аталган адабий алманахтарга такай басылып турган.

Кийинки жылдарда областтык «Ысык-Көл правдасы», Ак-Суу райондук «Эмгек жарчысы», шаардык «Каракол» газетасында адабий кызматкер, котормочу болуп эмгектенген. 1988-жылы республикалык «Мектеп» басмасынан «Өрүк гүлү» аттуу биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1993-жылы «Бар бол, Норуз» деген ыр жыйнагы чыкты. Бул китеп 1995-жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында эларалык кайрымдуулук уюму тарабынан англис тилинде жарык көрдү. Ошондой эле 1997-жылы «Үмүт Жол», 1999-жылы «Кечигип келген махабат», 2000-жылы «Бийиктик» басмасынан «Арбак куугунтуктаган адам», 2001-жылы «Свет в очах», 2002-жылы «Периштенин белеги» деген повесттер, аңгемелер жыйнагы, ал эми 2007-жылы «Бейиттеги бозторгой» деген роман-эссенин биринчи китеби, 2011-жылы «Сыр дүйнө» аттуу китеби жарыкка чыккан.

Анын айрым чыгармалары англис, монгол, орус, кытай, казак тилдеринде жарыяланган. М. Сатыбалдиев 1996-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жаркулова Жумакан Сузак районуна караштуу Канжыга айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин чыгармачылык менен тыгыз алектенип келет.Анын “Жайлоолор мени чакырат” аттуу китеби жарык көргөн.

Ошондой эле “Кыздар ай 4”, “Кыздар ай 5”, “Акын аалам кыргыздар”, “Алыкул 100” китептерине ырлары басылып чыккан. 2011-жылдан тартып коомдук иштерге активдүү аралашып, 2013-жылы “Асыл-Ай” мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомдук уюмун негиздеген. Ж.Жаркулова майып инсандардын билим деңгээлин жогорулатууда ийгиликтерди жараткандыгы үчүн бир нече сыйлыктар менен сыйланган. 2015-жылы ага Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата майыптар арасында коомго кошкон салымы үчүн Сузак райондук администрация тарабынан “Матиз” жеңил автоунаасы ыйгарылган.

Кыргыз акын жазуучулар коомунун, “Кыздар ай”, “Балдар ай” чыгармачылык бирикмесинин жана башка бир нече Ардак грамоталардын , дипломдордун, Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамынын ээси.3 кыз 1 уулдун энеси.


Муратов Сапарбек – Нарын облусунун Ак Талаа районуна караштуу Жаны Талап айылында төрөлгөн. Кесиби радио- монтаждоочу. Бишкек шаарындагы ЭВМ жана В.И.Ленин атындагы заводдордо эмгектенген. 1996-1998 жылдары”Асаба” газетасында штаттан сырткаркы кабарчы болгон.И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктаган.2011-жылы майыптардын “Талант сыры” деген коомдук бирикмесин уюштурган, учурда аны жетектөө менен таланттуу майыптардын башын бириктирип келет. Алардын чыгармаларын окурмандардын калың катмарына жеткирүү багытында көптөгөн иштерди жүргүзүүдө. Чыгармачылык менен алектенип “Кулунумун Куртканын” аттуу поэтикалык китебин чыгарган. С.Муратов 3 уул ,2 кыздын атасы, 2 неберенин таятасы.


Гүлбарчын Исаева

Өзгөчө жөндөмгө ээ Гулбарчын Исаева комуз чертет, ырдайт, шырдак шырыйт, кийиизден сувенирлерди жасайт. Ал Нарын облсунун Казан-Куйган айылында төрөлүп, чоңойгон. Анын кыялы - чоң сахнага чыгып комуз чертип ырдоо. Г.Исаева 2013-жылы «Чексиз мүмкүнчүлүк дүйнөсү» сынагына катышкан. Бул анын андан аркы жашоосуна абдан позитивдүү таасирин тийгизген. Сынакка катышуу менен өзүнө күч-кубат алган, алдына жаңы максаттарды коюп, ага умтула баштайт.


Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.