Кыргызстандын Экс-президенти Р.И. Отунбаева жерде тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды жаратууда жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндө жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйналышын өткөрдү

November 16, 2018, 06:00

Кыргызстандын Экс-президенти Р.И. Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун (Дели, Индия) мүчөсү катары 2018-жылдын 14-ноябрында ЮНЕСКОнун калкасы астындагы экинчи эл аралык конференциянын алдында жерде тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды жаратууда жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндө жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйналышын өткөрдү Конференция Индиянын түштүгүндө, Андра-Прадеш штатындагы Висакапатнам шаарында өттү.

 

Чымырканган иштин жана дискуссиялардын үч күнүнүн жүрүшүндө дүйнөгө атагы чыккан илимпоздор, Майкрософт, Адобе, Самсунг, Рубика сыяктуу компаниялардын, көп сандаган старт-аптардын, билим берүүчү НПОлордун өкүлдөрү, ар кайсы тармактардын эксперттери, психологдор, мугалимдер келечектеги билим берүүнүн маселелерин талкуулады, Визаг Декларациясын иштеп чыкты, ал болочокто санариптик педагогика боюнча билим берүү системасында жол көрсөткүч болуп калат.

 

Талкуулардын башкы жүйөлөрү төмөнкүдөй идеялардын айланасында болду: жаңы технологияларга тартынбастан ээ болуу керек, буга балдарды оюндар аркылуу үйрөтүү, аларды мажбурлабастан, чыгармачылык менен, окууга кызыгууну ойготуу менен үйрөтүү керек; 21-кылымдын адистерин, рационулдуу талдоо жөндөмү бар өзгөрүүлөрдүн чыныгы агенттерин, бирок иштин ийгилиги үчүн күйүп-бышкан адамдарды даярдоо керек. Бул конференция боюнча материалдарды жана маалымдамаларды төмөнкүдөй дарек боюнча окууга болот

http://mgiep.unesco.org/

https://facebook.com/mgiep 

https://www.instagram.com/unesco_mgiep/