КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева КР Президенти С.Ш.Жээнбековду кутман курак мааракеси менен куттуктады
November 17, 2018, 06:00Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун мүчөсү катары ЮНЕСКОнун эгидасы астында өтө турган жер жүзүндөгү тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды түзүү жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндөгү экинчи эл аралык конференциянын алдында Индияда жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйынын өткөрүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековду анын 60 жаш кутман курак мааракеси менен куттуктаган өзүнүн катын алыскы өлкөдөн жиберди.
Р.Отунбаева өзүнүн куттуктоо катында С.Ш.Жээнбековдун саясий жана мамлекеттик ишмердиги эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаңы түптөлүү мезгилине, өткөн 27 жыл ичиндеги оор сыноолордун жана чукул бурулуштардын учуруна туш келгенин, өткөөл мезгил аны такшалтканын белгилейт. Куттуктоо “Сиздин жетекчилик менен көйгөйлүү реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адамдын укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп ишенем. Сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм! Кыргыз Республикасы өсүп-өнүгүп, элибиз тынчтыкта бакубат жашоого жетсин!” деген калоо, тилек менен аяктайт.