Конференциянын экинчи күнү «Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу»

November 6, 2018, 06:00

«Саясий чечимдерден аракеттерге карай. Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу» деген эки күндүк конференциянын алкагында кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык формаларына каршы күрөшүүдө комплекстүү стратегияларды талкуулоо үчүн Бишкек шаарында 60тан ашык катышуучу чогулду.


Бул конференциянын актуалдуулугу ошондой эле убакыттын контексти менен шартталган, анткени азыркы учурда гендердик зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн маанилүү саясий жана мыйзам чыгаруу реформалары жүргүзүлүп жатат.


Арасында мамлекеттик органдардын жогорку кызматтагы өкүлдөрү, Парламенттин мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген эксперттер болгон иш-чаранын катышуучулары аялдар менен балдардын укуктарын бузган, коомго эбегейсиз зор зыян алып келип жаткан жана туруктуу өнүгүү жолунда бөгөт болуп саналган гендердик зомбулукту жоюу максатында региондук кызматташтыкты күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.


Конференциянын экинчи күнү Кыздардын эл аралык күнүнө карата «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан даярдалган видеону көрүү менен ачылды.




КР экс-Президенти Роза Отунбаева конференциянын ардактуу мейманы болуп калды. Ал Борбордук Азияда кыз-келиндерге карата гендердик зомбулукту жоюу боюнча региондук конференциянын экинчи күнүн ачты. Өз сөзүндө Роза Исаковна конференциянын катышуучуларынын көңүлүн биздин региондун өлкөлөрүндө аялдар улуттук ресурсту сактап, эбегейсиз зор эмгекти аткарып жатканына бурду. Ошондуктан, тилекке каршы, зомбулук темасынын Борбордук Азиядагы ар бир өлкөгө тиешеси бар.



-------------------------------------------------------

«Силер зомбулуктун зыяны канча экенин билесиңерби? Зомбулуктун экономикалык зыяны өтө көп жана курмандыктын психикасына, жан-дүйнөсүнө жана үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө зомбулуктун таасирин эсептебеген күндө да, ал өзүнө социалдык, медициналык жана укук коргоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын камтыйт. Биз зыян жөнүндө айтууга тийишпиз», - деп айтты экс-президент Роза Отунбаева.

-------------------------------------------------------




Мындан тышкары, коом алмаштыруу өтө татаал болгон социалдык ченемдердин кысымында турат деп белгиледи ал. Роза Отунбаева кыз-келиндерге карата зомбулукту жоюу боюнча бир катар чараларды сунуш кылды.


-------------------------------------------------------

"Балким, бизге кыздарды ала качууга каршы күрөшүү боюнча атайын омбудсмен же институт керек болуп жүрбөсүн?

Маскаралуу ала качууну токтотуу керек".

-------------------------------------------------------



Мындан тышкары, экс-президент гендердик теңчилик боюнча милдеттүү курсту киргизүүнү сунуш кылды, бул таасирдүү чечимдерди иштеп чыгууда өз изилдөөлөрүбүз болушу жана фактологиялык база болушу үчүн зарыл.


Улуу урматтуу элчи Робин Орд-Смит да конференцияда сөз сүйлөдү, анда ал Улуу Британия үчүн зомбулук маселелери өтө маанилүү деп белгиледи. «Улуу Британияда зомбулуктун курмандыктарын коргоочу мыйзамдар жана өбөлгөлөр иштелип чыккан. Мындан тышкары, биз «Бир да кызды артта калтырбайбыз» деген глобалдык кыймылга кошулганбыз жана ал кыздар үчүн 12 жылдык сапаттуу окутууга кепилдик берет».




Конференциянын иши панелдик дискуссияларда улантылды. 


Булак