Кемин шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өтөт
November 2, 2018, 06:002018-жылдын 5-ноябрында Кемин шаарында (Чүй областы) саламаттык сактоо жана билим берүү тутумунун өкүлдөрү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуучу адамдар үчүн туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өткөрүлөт.
Тренингдин максаты – ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана алардын адамдын организминдеги ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө, ошондой эле «Тамактануу пирамидасы» (тамак-аш пирамидасы), «Таза тарелка», «Кооздолгон мөмө алкагы» жана мүмкүнчүлүктөрдүн терезелери (кош бойлуу аялдын тамак-ашы, эмчектеги балага тамак берүү, эки жашка чейинки баланын тамактануусу) сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө туура пикирди калыптандыруу.
Семинардын машыктыруучусу техникалык илимдердин кандидаты, доцент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Ресторан иши жана кулинария өнөрү» бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиев Нурудин Абдыназарович болот.
Туура тамактануу боюнча семинар-тренинг РФнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарыны жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан өткөрүлүп жатат.