КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына визити

November 2, 2018, 06:00

БУУнун Башкы катчысы А.Гутеррештин демилгеси боюнча 2017-жылы уюштурулган Ортомчулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Консультациялык Кеңештеги иштин алкагында КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына (Нью-Йорк шаары, АКШ) визити болуп өттү.

 

Алсак, 2018-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейинки мезгилде КР экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Саясий маселелер боюнча департаментинин башчысы Розмари ДиКарло, БУУнун Башкы катчысынын Тынчтыкты жаратууну колдоо боюнча жардамчысы Оскар Фернандес-Таранко, БУУнун Башкы катчысынын Саясий маселелер боюнча жардамчысы М.Йенча жана БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, ПРООНдун Администраторунун жардамчысы, ПРООНдун Региондук директору Мирьяна Сполярик Эггер менен жолугушууларды өткөрдү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө превентивдүү дипломатияны алга илгерилетүү, медитация өбөлгөлөрүн натыйжалуу пайдалануу боюнча маселелер талкууланды, ошондой эле Жогорку деңгээлдеги консультациялык кеңештин алкагында иштин ардан аркы пландары аныкталды.

 

Маалымат үчүн: БУУнун Башкы катчысы А.Гутеррештин демилгеси боюнча 2017-жылдын сентябрында Ортомчулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Консультациялык Кеңеш уюштурулган. Кеңештин курамына КР экс-Президенти Р.Отунбаева менен катар учурдагы жана мурдагы дүйнөлүк лидерлердин, улук кызмат адамдарынын жана белгилүү эксперттердин ичинен дагы 17 мүчө кирген, аларды тажрыйбанын, жөндөмдөрдүн, билимдердин жана мамилелердин болуп көрбөгөндөй спектри бириктирип турат. Топ «тынчтык үчүн дипломатияны көтөрүү» жана бардык деңгээлдерде натыйжалуу дипломатияны жүргүзүү боюнча БУУнун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында түзүлгөн.