Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча вебинарлар өттү

November 3, 2018, 06:00

АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун катышуучулары үчүн эки ай бою (ноябрь-декабрь) Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда вебинарлар өтөт. Долбоордун катышуучуларынан тышкары вебинарларга каалагандардын бардыгы катыша алат. Бул үчүн вебинарлар базасында өткөрүлө турган долбоордун өнөк ЖОЖдорунун: И.Раззаков атындагы КМТУнун, С.Нааматов атындагы НМУнун, ОшМУнун, ЖаМУнун, ТалМУнун, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жооптуу адамдары менен байланышып, вебинарларга жазылуу зарыл.

 

Вебинарлардын максаты – лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча окутуучу семинарлардын онлайн сериясы аркылуу долбоордун катышуучуларынын мансап жагынан өсүшүнө көмөктөшүү. Окутуу достук байланыштарды түзүүгө, тажрыйба жана билим алмашууга жардам берет, ошондой эле СТЕМ жагынан кесиптик өсүш үчүн шыктанууну арттырууга көмөктөшөт.

 

Вебинарларды төмөнкүлөр алып барат:

 

Лидерлик боюнча – Джусаева Сагипа Джолдошевна, адамдык ресурстарды башкаруу жагынан эксперт (резюме). 

Коммуникациялык жөндөмдөр боюнча – Эгембердиев Талантбек Мураталиевич, философия илимдеринин кандидаты (резюме). 

Техникалык англис тили боюнча – Чокморова Айнура Мырзабековна, И.Раззаков атындагы КМТУнун чет тилдер кафедрасынын башчысы (резюме). 

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча – Аскарбеков Руслан Нуркожоевич, И.Раззаков атындагы КМТУнун илим бөлүмүнүн башчысы (резюме).

 

Вебинарлар төмөнкүдөй расписание боюнча өтөт:

 

Ноябрь

Дата

Убакыт

Багыт

 

 

 

 

 

 

2, 5, 6

16.00 – 17.00

- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

12, 13, 14, 15, 16,

19, 20, 21, 22, 23

15.00 – 16.20

16.30 – 17.30

- техникалык англис тили

 

- коммуникациялык жөндөмдөр

26, 27, 28, 29

 

16.00 – 17.00

 

17.10 – 18.10

- лидерлик

 

- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

 

 

Декабрь

3, 4, 5, 6

16.00 – 17.00

 

17.10 – 18.10

- лидерлик

 

- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

10, 11, 12, 13, 14

17, 18, 19, 20, 21

15.00 – 16.20

 

16.30 – 17.30

 

-  техникалык англис тили

 

- коммуникациялык жөндөмдөр

24, 25, 26, 27, 28

16.00 – 17.00

- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

 

 

Алда канча кең-кесири маалыматты төмөнкү телефондор боюнча ала аласыздар: 0312663538, 0555821504.