«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести

October 31, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси»


эл аралык коомдук фондунун

 

2018-жылдын ноябрына

 

иш-чараларынын дайджести

 

 

 

1-ноябрь – «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктарын жарыялоо

Качан: 1-ноябрь, саат 11.00дө

Кайда: И.Раззаков атындагы КМТУ (1-корпус, 1/211-ауд.)

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору жана «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун координатору «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорунун конкурсунун 10 жеңүүчүсүнүн атын атайт. Жеңүүчүлөр өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн финансылык колдоону, ошондой эле эл аралык жана ата-мекендик эксперттердин зарыл ментордук жардамын ала алат.

Телефон: 0708743407 (Усупкожоева А.А., долбоордун координатору), 0555821504 (Маражаббай кызы Асель, долбоордун ассистенти)

 

 

3-ноябрь, 6-ноябрь, 13-ноябрь, 14-ноябрь жана 16-ноябрь жаштар демилгелеринин эдвокаси иш-чаралары

• 3-ноябрь –Энесай турак-жай конушу: футбол талаасын куруу;

• 6-ноябрь –Бакай Ата турак-жай конушу: футбол талаасын куруу;

• 13-ноябрь –Калыс Ордо, Мурас Ордо, Көлмө жана Жеңиш турак-жай конуштарынын бириккен акциясы: көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртууга, трансформаторлорду жана түркүктөрдү күчөтүүгө көмөктөшүү;

• 14-ноябрь – Бугу-эне Багыш турак-жай конушу: турак-жай конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу;

• 16-ноябрь – Ак Ордо турак-жай конушу: көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртууга, трансформаторлорду күчөтүүгө жана электр зымдары үчүн түркүктөрдү бекемдөөгө көмөктөшүү.

2018-жылдын 26-октябрынан тартып 16-ноябрына чейин Бишкек шаарынын 10 пилоттук турак-жай конушундагы жаштар командалары жаштарды тынчсыздандырганы артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча эдвокаси акцияларды өткөрөт.

 

 

5-ноябрь - Туура тамактануу боюнча семинар-тренинг

Качан: 5-ноябрь

Кайда: Кемин шаары, Чүй областы

Туура тамактануу боюнча семинар-тренинг саламаттык сактоо жана билим берүү тутумунун өкүлдөрү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуучу адамдар үчүн өткөрүлүп жатат. Тренингдин максаты – өзүнүн ден соолугуна жооптуу мамилени камсыз кылуу, ал туура тамактануу жөнүндө билимдерге негизделген. Туура тамактануу боюнча семинар-тренинг «Туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча коомдун маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

Телефон: 0555 77 37 50 (Кайыкова Р.Ж., долбоордун логисти), 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)

 

 

13-15-ноябрь - "Айтматов жана театр ааламы" мектеп театрларынын фестивалы

Качан: 13-15-ноябрь

Кайда: К.Медетбеков атындагы Талас областтык театры (Талас шаары, Талас областы)

Фестивалды "Устат-Шакирт" долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана ЮНЕСКОнун иштери боюнча КР Улуттук комиссиясы менен бирдикте өткөрүп жатат. Фестивалдын максаты – мектеп театрларын колдоо жана балдар арасында театр көркөм өнөрүн даңазалоо.

Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, долбоордун координатору).

 

 

15, 22, 29-ноябрь – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

Качан: 15, 22, 29-ноябрь

Кайда: Бишкек шаарынын № 9, 44, 72 мектептери

«Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана 6-7-класстардын окуучулары үчүн «Адам жана таштандылар» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555 788825 (Нурзат Жээмбаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын программалык адиси)

 

 

16-ноябрь – Туура тамактануу боюнча журналисттер үчүн семинар-тренинг

Кайда: Бишкек шаары

Туура тамактануу боюнча семинар-тренинг жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлүп жатат. Тренингдин максаты – таза жана туура тамактануу жөнүндө калктын маалымдар болушун бул теманы телекөрсөтүүдө жана радиодо чагылдыруу, газеталарда, журналдарда жана башкаларда макалаларды жарыялоо аркылуу арттыруу. Туура тамактануу боюнча семинар-тренинг «Туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча коомдун маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

Телефон: 0555 77 37 50 (Кайыкова Р.Ж., долбоордун логисти), 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)

 

 

15-16-ноябрь – ОКЗнын 24 мүчөсүнүн катышуусу менен коммуникациялык жөндөмдөр жана диалогду чыр-чатаксыз өткөрүү боюнча тренинг 

 

 

«МБУдагы изилдөө иши» семинары

Качан: ноябрдын аягы, так датасы кошумча билдирилет

Кайда: Бишкек шаарынын МБУлары

Бишкек шаарынын МБУларынын методисттери үчүн интерактивдүү семинар

Тили: орус/кыргыз

Телефон: 0555 788825 (Нурзат Жээмбаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын программалык адиси)

 

  

29-ноябрь - «Тагдыр каармандары» поэзия кечеси

Качан: 29-ноябрь, 17.00дө башталат

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залы

3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө арналган «Тагдыр каармандары» поэзия кечеси.

Кирүү акысыз.

Телефон: 0555773750 (Кайыкова Р.Ж., координатор)

 

 

Ноябрь-декабрь – лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча вебинарлар

Кайда: Бишкек шаары жана өлкөнүн региондору

Вебинарлардын максаты – лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык коммуникациялык технологиялар боюнча окутуучу семинарлардын онлайн сериясы аркылуу долбоордун катышуучуларынын мансап жагынан өсүшүнө көмөктөшүү. Окутуу достук байланыштарды түзүүгө, тажрыйба жана билим алмашууга жардам берет, ошондой эле СТЕМ жагынан кесиптик өсүш үчүн шыктанууну арттырууга көмөктөшөт.

Вебинарлар Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда төмөнкүдөй өнөк ЖОЖдордун базасында өтөт: И.Раззаков атындагы КМТУ, С.Нааматов атындагы НМУ, ОшМУ, ЖаМУ, ТалМУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ. Вебинар АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиянын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан өткөрүлүүдө.

Телефон: 0708743407 (Усупкожоева А.А., долбоордун координатору), 0555821504 (Маражаббай кызы Асель, долбоордун ассистенти)