Борбордун он турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акциялр өткөрүлөт

October 30, 2018, 06:00

2018-жылдын 26-октябрынан 16-ноябрына чейин жаштар командалары Бишкек шаарынын 10 турак-жай конушунда жаштарды тынчсыздандырган өнүгүүнүн орчундуу багыттары боюнча эдвокаси акцияларды өткөрөт.

 

Бишкекте 2018-жылдын 26-октябрында Ак-Бата турак-жай конушунда Свердлов райондук мамлекеттик администрациянын акими Болотбеков Самарбек Болотбековичтин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштардын, дене тарбиясынын жана спорттун иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү калктын арасындагы жаштардын катышуусу менен эдвокаси акция өткөрүлдү.

 

Жолугушуунун учурунда жаңы конуштардын жаш тургундары акимден спорт аянтчасын курууга жер бөлүп берүүнү өтүндү. Алар жаңы конуштун өзүндө 4700 чамалуу адам жашайт, алардын жарымын жаштар түзөт деп билдирди. Алар ошондой эле турак-жай конушунун өзүндө бир да спорт аянтчасы жок деп билдирди. Мындан тышкары, жаш тургундар бул объекттин зарылчылыгынын башка социалдык аспекттерин санап берди. Аким бул маселе чечилет деп айтты.

 

Иш-чара эки бөлүктөн турду. Адегенде турак-жай конушунда волейбол боюнча кыздардын 6 командасынын мелдеши өттү, алар Биринчи Май районунун өкүлдөрү болду. Бул жолдоштук матчта спортсмен кыздар спорт ар түрдүү турак-жай конуштарынын жаштарын баш коштура ала тургандыгын көрсөттү. Ушул матчка катышуу менен алар Ак Бата турак-жай конушунун жаштар тобунун спорттук аянтчаны куруу жөнүндө алардын талабынын акциясын колдоду. Андан соң иш-чара концерттик программа жана белгилүү акындар З.Ажыматовдун жана Б.Жамгырчиевдин ырларды окуусу менен улантылды.

 

Белгилеп кетели, 2018-жылдын 26-октябрынан тартып 16-ноябрына чейин Бишкек шаарынын 10 пилоттук турак-жай конушундагы жаштар командалары жаштарды тынчсыздандырган артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча эдвокаси акцияларды өткөрөт.

 

Белгилеп кетүү керек, ушул эдвокаси демилгелерди аткарып, жаштар топтору өздөрүнүн турак-жай конуштарында тынчтыкты, ынтымакты жана адилеттүү, тең укуктуу жана түзүүчүлүк өнүгүүнү алга илгерилетүү үчүн өз жоопкерчилигин көрсөтүп жатат. Ошондой эле, ошонун өзү менен жаштар топтору турак-жай конуштарын өнүктүрүүгө салым кошууга өз ниетин көрсөтүп жана мамлекеттик кызматтар жана социалдык өнөктөр менен кызматташууга даярдыгы жөнүндө билдирип жатат. Ошентип, эдвокаси демилгелер мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча маселелерди коюуга жана чечимдерди издөөгө багытталган.

 

Ушул эдвокаси демилгелер төмөнкүдөй багыттарды камтыйт:

- Турак-жай конуштарынын балдарынын чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарылчылыгы жөнүндө маселени алга илгерилетүү;

- Турак-жай конуштарынын көчөлөрүн жарыктандыруу маселелерин алга илгерилетүү – жаштар топтору кечкисин окуудан кайтып келаткан балдардын жана студенттердин коопсуздугунун көз карашынан алганда караңгы көчөлөрдүн маселелерин көтөрүп жатат;

- Бугу эне Багыш турак-жай конушунда электр энергиясы менен камсыз кылуу көйгөйү өзүнчө маселе болуп турат.

 

Төмөндө иш-чаралардын эдвокаси расписаниеси менен таанышууну сунуш кылабыз:

• 30-октябрь (10.00дөн 14.00гө чейин): Рухий Мурас турак-жай конушу – Балдарды өнүктүрүү борборун (чыгармачылык ийримдери) колдоо;

• 31-октябрь – Ак Тилек турак-жай конушу: ФАПтын эски имаратынын базасында балдар чыгармачылык борборун түзүү;

• 2-ноябрь – Энесай турак-жай конушу: футбол талаасын куруу;

• 5-ноябрь – Бакай Ата турак-жай конушу: футбол талаасын куруу;

• 13-ноябрь – Калыс Ордо, Мурас Ордо, Көлмө жана Жеңиш турак-жай конуштарынын бириккен акциясы: көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртууга, трансформаторлорду жана түркүктөрдү күчөтүүгө көмөктөшүү;

• 14-ноябрь – Бугу-эне Багыш турак-жай конушу: турак-жай конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу;

• 16-ноябрь – Ак Ордо турак-жай конушу: көчөлөрдү жарыктандырууну жакшыртууга, трансформаторлорду күчөтүүгө жана электр зымдары үчүн түркүктөрдү бекемдөөгө көмөктөшүү.

 

Бул жолугушуулар ЮНФПАнын, ЮНИСЕФтин жана БУУнун УНПнын «Турак-жай конуштарында чыр-чатактардын алдын алуу үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында өтүп жатат. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бул долбоордун аткаруучу өнөгү болуп саналат.