Search for Common Ground сыйлыгы КР экс-Президенти Р.И.Отунбаевага тапшырылды

November 1, 2018, 06:00

Search for Common Ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) – Тынчтыкты жаратуу боюнча дүйнөлүк ири уюм 2018-жылдын 1-ноябрында Search for Common Ground уюмунун сыйлыгын ар жылдагы тапшырууда тынчтыкты сүйүүчүлөрдүн активисттерин куттуктайт. АКШ өкмөтүнүн, дипломатиялык, ишкер жана бизнес секторлорунун жүздөн ашык лидерлери Inter Continental New York Barclay отелинде , Нью-Йорк, бул иш-чарага катышуу үчүн чогулат.

 

Быйылкы жылы сыйлыкты тапшыруунун ар жылдагы XIX аземи чечилбеген чыр-чатактарды жана зомбулукту чечүү жолдорун издөөгө кыйла салым кошкон инсандарды куттуктоого арналат. Ушул жылдагы сыйлыктын лауреаттары жергиликтүү коомчулуктарда, ошондой эле эл аралык деңгээлде тынчтыкты жаратуу, демократия, диний сабырдуулук, зомбулуктуу экстремизмге каршы аракеттенүү жагындагы алардын болуп көрбөгөндөй иши үчүн тандап алынды.

 

2018-жылдагы сыйлыктын лауреаттары: 

Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу.

Роза Отунбаева 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти болуп калды. Азыркы Борбордук Азиянын тарыхында биринчи президент айым болуу менен, Роза Отунбаева бийликтин бир президенттен башкасына биринчи жолу региондо шайлоо аркылуу тынчтык жол менен өтүшүнө жол ачты. Улуу Даражалуу Роза Отунбаева Кыргыз ССР тышкы иштер министринин, Кыргызстандын премьер-министринин жана тышкы иштер министринин кызмат ордун ээлеген, ошондой эле Кыргызстандын Канададагы элчиси болгон. Бүгүнкү күндө Роза Отунбаева Кыргызстандын социалдык, экономикалык жана саясий өнүгүшүнө инвестициялоо менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна жетекчилик кылат.