Ош шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өтөт
October 29, 2018, 06:00Үстүбүздөгү жылдын 30 – 31-октябрында Ош шаарында (Ош областы) саламаттык сактоо жана билим берүү тутумунун өкүлдөрү үчүн, ошондой эле чечим кабыл алуучу адамдар үчүн туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өтөт. Тренингдин максаты – өзүнүн ден соолугуна карата жооптуу мамилени калыптандыруу, ал туура тамактануу жөнүндө билимдерге негизделген.
Семинар-тренингдин машыктыруучусу техникалык илимдердин кандидаты, доцент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Ресторан иши жана кулинария өнөрү» бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиев Нурудин Абдыназарович болот. Семинар-тренингге Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынан жана Ош шаарынан 60ка жакын адам катышат деп күтүлүүдө, 30-октябрда тренингге билим берүү жана саламаттык сактоо тутумунун тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу маселелерине кураторлук кылган өкүлдөрү катышат, алар андан соң жер-жерлерде коомчулуктардын мүчөлөрү үчүн каскаддык тренингдерди өткөрөт.
31-октябрда семинарга областтардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары, билим берүү жана саламаттык сактоо тутумунун жетекчилери катышат, алар туура тамактануу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзөт.
Туура тамактануу боюнча семинар-тренинг «Туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча коомдун маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.