«Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун фото көргөзмөсү MountainEXPO Тоо Павильонунун бир бөлүгү болуп калды

October 27, 2018, 06:00

22-октябрдан 24-октябрга чейин Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде өткөн «Mountain Expo» Тоо павильонундагы көргөзмө Кыргызстандын тоолуу региондорундагы ар түрдүү уюмдардын ишин көрсөткөн долбоорлор үчүн жакшы аянтча болуп калды.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун фото көргөзмөсү MountainEXPO Тоо Павильонунун бир бөлүгү болуп калды, ал Дүйнөлүк Тоо Форумунун учурунда бардык каалагандар үчүн ачык болду.

 

Фонддун павильонунда тигилген боз үйдө 22-октябрда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү, ал жерде Mountain Expo’нун эң жаш көрөрмандарына белгилүү киноактриса, телекөрсөтүүнүн алып баруучусу Назира Айтбекова «Ынтымак сыры» деген китепти (автору Кендирбаева Догдуркуль) окуп берди. Китеп кызыктуу, ал балдарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат жана биздин угармандарыбызды бири-бирин урматтоого шыктандырды.

 

«Локта» кагазына (бул Непалда өсүмдүктөрдөн кол менен жасалган кагаз) басып чыгарылган өзүнүн кайталангыс фото көргөзмөсүн алып келген белгилүү альпинист, фотограф, режиссер, филантроп Джейк Нортон билүүгө дилгирленген келүүчүлөргө экскурсияны өзү өткөрдү.

 

23-октябрда Фонддун павильонунда ЭКФнын «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбооруунун алкагында чыгарылган, Кристенсен фонду колдогон «Кыргызстанбызды кыдырабыз» деген китептин презентациясы кыйла кызыктуу өттү. Китептин автору Алтын Капалова балдарга Кыргызстандын региондору жөнүндө, ажайып жерлери жөнүндө жана, албетте, бул жерде жашаган адамдардын мээримдүүлүгү жана меймандостугу жөнүндө окуп берди. Ал ошондой эле китепти окугандан кийин балдарда келип чыккан: эмне үчүн дал ушул ысымдар тандап алынды, сюжеттер кантип ойлоп чыгарылат, китептин каармандары ойдон чыгарылганбы же алар чындыгында эле барбы деген жана башка көптөгөн суроолорго канааттануу менен жооп берди.

 

Тоо Павильону өсүп келаткан мунга Швейцарияда мөңгүлөрдүн эришине каршы кантип күрөшөөрүн (швейцариялык сүрөтчү Лоренц Пьяженин «Мөңгү түгөнүп баратат» деген көргөзмөсү), Непалдын, Тибеттин жана Индиянын тоолуу калкын, ошондой эле кыргыздын салттуу көркөм өнөрүнүн – так жана кооз көркөм өнөрдүн көргөзмөсүн жана ал жаңы дүйнөдө, азыркы учурдагы чеберлердин колунда кандай адаптацияланып жаткандыгын көрсөттү.