Чолпон-Ата шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өттү

October 26, 2018, 06:00

24-25 октябрда Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл областы) № 2 мамлекеттик резиденцияда Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюмунун (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун («РИД» ЭКФ) биргелешкен долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу менен «Туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча коомдун маалымдар болушун арттыруу» боюнча саламаттык сактоонун жана билим берүүнүн өкүлдөрү үчүн жана чечимдерди кабыл алуучу адамдар үчүн эки күндүк семинар-тренинг өттү.


Семинар-тренингге Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл областтарынан 45 адам, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, метод кабинеттердин башчылары, райондордун акимдеринин биринчи орун басарлары жана акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун директорлору жана орун басарлары, айылдык ден соолук комитеттеринин, ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин төрагалары, ошондой эле КР СММнын алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин (СЭС) өкүлдөрү катышты.


Тренингдин максаты – өзүнүн ден соолугуна жооптуу мамилени калыптандыруу, ал туура тамактануу жөнүндө билимдерге негизделген.

• Ден соолуктун баалуулугу жана аны сактоодо туура тамактануунун ролу жөнүндө түшүнүктү өнүктүрүү.

• Негизги аш болумдуу заттар жана алардын алардын организм үчүн ролу жөнүндө түшүнүктү өнүктүрүү.

• Өзүнүн ден соолугу жөнүндө эң маанилүү баалуулук катары түшүнүктү калыптандыруу.


Семинар-тренингдин машыктыруучусу техникалык илимдердин кандидаты, доцент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Ресторан иши жана кулинария өнөрү» бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиев Нурудин Абдыназарович болду. Жалпы иш стажы – 34 жыл, анын ичинде педагогикалык стажы – 26 жыл (И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети).