Экс-Президент Р.Отунбаева Лиссабондо «Биргелешкен коомдо билим берүү жагынан саясатты иштеп чыгуу боюнча диалогдор» форумунун ишине катышты
October 19, 2018, 06:00Экс-Президент Р.Отунбаева 16-17-октябрда Лиссабондо, Португалия, Мадрид Клубу уюштурган «Биргелешкен коомдо билим берүү жагынан саясатты иштеп чыгуу боюнча диалогдор (shared society)» форумунун ишине катышты. Диалогдун көңүлүнүн борборунда качкындардын, мигранттардын жана убактылуу көчкөн адамдардын билим алуусунун көйгөйлөрү, жаштарда зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу, анын ичинде санариптик сабаттуулук аркылуу алдын алуу көйгөйлөрү турду.
Р.И. Отунбаева билим берүүдөгү лидерлик темасы боюнча пленардык сессияда сөз сүйлөдү. Форумга Мадрид Клубунун 40 мүчөсү – мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн демократиялуу шайланган мурдагы башчылары, эксперттер, илимпоздор, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бардыгы болуп 300гө жакын адам катышты. Форумдун катышуучулары менен БУУнун Башкы катчысы Анонио Гутерриш (видео боюнча), Португалиянын тышкы иштер министри Аугусто Сантос Силва, Евробирликтин мурдагы президенти Жозе Баррозо саламдашты. Клубдун катышуучуларын Португалиянын 20-Президенти Марсело Ребело де Соуса кабыл алды.