«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

October 4, 2018, 06:00


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун

2018-жылдын октябрына

иш-чараларынын дайджести

 

 

 

1-3-октябрь - "25 салттуу тамак" рецепттер китебин даярдоо

Кайда: Жалал-Абад областы, Сузак району

Иштелип чыккан салттуу тамактарды даярдоо боюнча Сузак районундагы (Сафаровка, Багыш, Октябрь) 25 бенефициар менен иштөө.

Телефон: 0555004240 (Осмоналиева А., долбоордун ассистенти)

 

 

4-октябрь - Турак-жай конуштарынын тургундары менен жолугушуу «Акындар Бишкек шаарынын турак-жай конуштарындагы бейпилдикти жана ынтымакты жактайт»

Убактысы: 4-октябрь, 15-00дө

Кайда: Бишкек шаарынын Ак-Ордо турак-жай конушу, № 96 мектеп, жыйындар залы

Катышуучулар: турак-жай конушунун тургундары, № 96 мектептин жогорку класстардын окуучулары жана “Ыр-Булак” жаштар поэтикалык ийриминин мүчөлөрү. Иш-чара БУУнун агенттиктеринин (ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУ УНП) «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында бейпилдикти жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Долбоор БУУнун Тынчтыкты жаратуу фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Телефон: 0554031678 (Джусаева С.Дж., долбоордун координатору), 0559737373 (Абдыраимакунова Ч.Т., долбоордун координатор-мобилизатору)

 

 

7-октябрь - “Ынтымак, теңчилик, бейкутчулук-ден соолукка ырашкер!” деген чукоо

Качан: 7-октябрь, саат 10.00 -14.00дө

Кайда: Рухий-Мурас турак-жай конушу (М.Ауэзов көчөсүнүн жана Горький көчөсүнүн кесилишинде)

Чуркоонун демилгечилери Рухий-Мурас турак-жай конушунун Ден соолук коомдук комитеттеринин (ДКК) мүчөлөрү. Катышуучулар Рухий-Мурас турак-жай конушунун 16 жаштан тартып жогору курактык категориядагы тургундары, үч категория боюнча (16-35 жаш, 36-55 жаш жана 56 жаштан жогору). Иш-чара БУУнун агенттиктеринин (ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУ УНП) «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында бейпилдикти жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Долбоор БУУнун Тынчтыкты жаратуу фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат

Телефон: 0554031678 (Джусаева С.Дж., долбоордун координатору), 0559737373 (Абдыраимакунова Ч.Т., долбоордун координатор-мобилизатору)

  

 

12-октябрь - Турак-жай конуштарындагы коучингдик жолугушуулар

Кайда: Эне-Сай жана Бакай-Ата, Бишкек шаары.

Уюштуруу потенциалын жогорулатуу боюнча ДККнын мүчөлөрү жана үй-бүлөлүк врачтар тобунун (ҮВТ) өкүлдөрү менен иштөө.

Телефон: 0554031678 (Джусаева С.Дж., долбоордун координатору), 0559737373 (Абдыраимакунова Ч.Т., долбоордун координатор-мобилизатору)

 

 

12-октябрь - БУУ ФАОнун долбоорунун алкагында Таза тамак-аш фстивалы

Кайда: Жалал-Абад областы, Сузак району

Сузак районунда Мичурин атындагы орто мектептин базасында туура тамактануу боюнча долбоордун алкагында Сузак районунун бенефициарларынын катышуусу менен Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган Таза тамак-аш фестивалын өткөрүү жана күзгү түшүмдүн ярмаркасын уюштуруу.

Телефон: 0555 77 37 50 ( Кайыкова Р.Ж., долбоордун логисти), 0555 00 42 40 ( Осмоналиева А., долбоордун ассистенти).

 

 

19-октябрь - Балдар филармониясынын "Самурай жана сакуранын гүлү" концерти

Качан: 19-октябрь, саат 11.00дө башталат

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Кичи залы

Тема: Самурай жана сакуранын гүлү. Япон музыкасы жана маданияты.

Узактыгы - 60 мүнөт.

Билеттин наркы 140 сом.

Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, долбоордын координатору).

 

 

19-октябрь - Жедигер Саалаевдин поэзия кечеси

Качан: 19-октябрь, 17.00дө башталат

Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Кичи залы

Жедигер Саалаевдин поэзия кечеси.

Кирүү акысыз.

Телефон: 0555773750 (Кайыкова Роза, координатор)


 

Ар бир шейшембиде жана бейшембиде – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

Кайда: Бишкек шаарынын мектептеринде

«Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, 6-7 класстардын окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акциянын координатору)

 

 

МБУлардын методисттери үчүн «Ботаникалык бакча ачык асман астында талаа сабактарын өткөрүү үчүн аянтча катары» семинары

Качан: датасы такталып жатат

Кайда: Бишкек шаарынын МБУлары

"Арча" КФдан Бишкек шаарынын МБУларынын тарбиячылары жана методисттери үчүн интерактивдүү семинар-экскурсия.

Тили: орус

Телефон: 0555 788825 (Нурзат Жээмбаева, эко-долбоордун ассистенти)

 

 

Октябрь – Бишкек шаарынын МБУларында экологиялык тарбиялоонун бир айлыгы

Кайда: Бишкек шаарынын МБУлары

Бишкек шаарынын МБУларынын бир айлыгынын алкагында колго жасалган майдабарат буюмдар боюнча үй-бүлөлүк иштердин көргөзмөсү, эко-майрамдар, МБУлардын аймактарын тазалоо боюнча акциялар жана башкалар өтөт.

Телефон: 0555 788825 (Нурзат Жээмбаева, эко-долбоордун ассистенти)