Интернет коммуникацияларды үйрөнүү боюнча тренинг
September 25, 2018, 06:002018-жылдын 21-сентябрында ЮНФПАнын «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында бейпилдикти жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында К. Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканада ден соолук коомдук комитетинин (ДКК) мүчөлөрү, райондук жана шаардык ден соолукту чыңдоо борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле үй-бүлөлүк врачтар тобунун (ҮВТ) медициналык кызматкерлери үчүн интернет коммуникацияларды үйрөнүү боюнча тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин максаты – катышуучуларды уюмдардын ортосунда маалыматтарды ыкчам алмашуу үчүн Google документтери менен иштөө жөндөмдөрүнө окутуу.
Окутууга 20га жакын адам катышты. Алар Google сервиси менен, атап айтканда, почта сервисинде иштөө менен жана документтерди сактоо жана берүү менен таанышты.
Ошондой эле угуучулар компьютерде жана мобилдүү тиркемелерде иштөөнүн өз мүмкүнчүлүктөрүн салыштырды.
МКТ жагынан эксперт Назгуль Кабылбаева машыктыруучу болду.