Эл аралык уюм экс-президент Роза Отунбаеваны дүйнөлүк сыйлыкка көрсөттү

September 15, 2018, 06:00

“Search for Common Ground” ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө") эл аралык бейөкмөт уюму Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны “Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгына көрсөттү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланды.

 

Уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө Отунбаевага бул сыйлык көп түрдүүлүккө, маданиятка жана билим берүүгө колдоо көрсөтүү менен өлкөдөгү тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылары жазылган.

 

“Роза Отунбаева 2010-жылы апрель окуясынан кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеди. Ар кандай саясий күчтөрдүн жана жааттардын кысымына карабастан, Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамын кабыл алуу боюнча жоопкерчиликтен качкан жок. Бул чечим өлкөнүн президенттик башкаруудан парламенттик демократияга өтүүсүнө өбөлгө түздү. Роза Исакованын кара кылды как жарган калыстыгы жана бейтарап турумду бекем кармай алгандыгы өлкөдөгү кырдаалдын ырааттуу түрдө тынч нукка салынышына мүмкүндүк берди. Борбор Азиянын эгемен тарыхында биринчи аял лидер болгон Роза Исаковна Отунбаева бул чөлкөмдө бийликти кийинки президентке тынчтык жолу менен шайлоо аркылуу өткөрүп берди”, - деп айтылат билдирүүдө.

 

“Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгы бир нече жылдан бери тынчтыкты курууга салым кошкон жана чыр-чатактарды чечүүгө көмөк кылган адамдарга берилип келет. Алардын ичинде АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер, боксчу Мухаммед Али жана Түштүк Африка Республикасындагы биринчи кара терилүү архиепископ Десмонд Туту да бар. Сыйлык жыл сайын күз айларында АКШнын Нью-Йорк шаарында тапшырылат.

 

Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал 2010-жылы төңкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, ошол эле жылы референдум аркылуу президент болуп шайланган. Өлкөнү 2011-жылга чейин жетектеген. Учурда фонд түзүп, коомдук иштер менен алек болуп келет. (ErN)


Булак: Азаттык