Р.И. Отунбаеванын Ош жана Баткен облустарына болгон сапары
September 13, 2018, 06:002018 жылдын 10 - сентябрында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Ош Мамлекеттик университетинин жана Ош Гуманитардык Педагогикалык Институтунун окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери, “Эрайым” коомдук бирикмесинин, Кыргызстандагы “Энактус”, эң жигердүү, демилгелүү студенттер уюмунун, “СТЕМде кыз келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу” долбоорунун өкүлдөрү менен кездешти.
Аталган жогорку окуу жайлар өлкөбүздөгү тарыхы бай, эӊ ири деп эсептелинип, студенттер Оштон гана эмес Жалал-Абад, Баткен облустарынан келип билим алышат.
Кездешүүдө Р.И. Отунбаева салтка айлануучу жана системалык түрдө өтүүчү болсун деп билим берүү тармагынын дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөрү жөнүндө лекция окуп берди. Ошондой эле ата-мекендик жана дүйнөлүк эмгек рыногунун студенттерге коюлуп жаткан талаптарына, башка өлкөлөр жетишкен ийгиликтерине жана билим берүүнүн учурдагы чакырыктарына, билимдүүлүктүн өзгөчө ролуна басым жасоо менен бирге жакын арадагы мезгил талабы көп тил билген, цифралык технологияларды өздөштүргөн, жогорку коммуникациялык кудурети бар креативдүү инсандар талап кылынып жаткандыгын айтып, окуу менен бирге коомдук иштерди чогуу алып кетүүдөгү коммуникациялык көндүмдөрүн калыптандырууда тыгыз иштөөгө чакырды. Анткени азыркы күндө бүткүл дүйнө атаандаштык жана креативдик экономикага басым жасап жана аны өнүктүрүүдө адистерге ушундай талаптарды коюп жатат.
Ал эми мугалимдерге окутуучулук парадигманы кайра карап чыгууга, студенттин алган дипломуна басым жасап белгиленбестен, коомдогу социалдык жоопкерчилиги жогоруу инсандарды тарбиялоодо, мугалимдердин ролу өзгөчө экендигин белгилеп, эл аралык билим берүү системасына кененирээк токтолуп айтып берди. Катышуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, кызыккан суроолорун берип, жооп ала алышты.
Мазмундуу кездешүүдөн соӊ Р.И. Отунбаева университеттеги акыркы жылдары активдүү жүзөгө ашып жаткан инновациялык иш аракеттери менен бирге жаӊы ачылган Искусство факультетинин имараты, Кыргыз-Кытай факультетинин заманбап окуу имараты менен кенен таанышты, жана студенттердин көргөзмөсүн, ишмердүүлүгүн көрүп, окуу жайдын адистери менен ой бөлүшүп баарлашты.
Сапардын биринчи күнү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ОшМУнун чоӊ жыйындар залында уюштурулган жандуу «Ыр көпүрө» аттуу поэзия кечеси менен аяктады. Поэзия кечесине университеттин студенттери менен мугалидери гана эмес, маданий иш чараларга суусап калган бардык каалочулар катыша алышты. Кеченин көркүн ачып Мирлан Самыйкожо алып барса, акындар Улукбек Омокеев, Зинакан Пасанова, Мелис Маматжанов, Бекмурат Келдибаев сүйүү, Мекен, турмуш темаларына арналган мыкты чыгармаларынан аткарышып келген көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн гүлдөтүп маанайларын ачышты.
11-сентябрь күнү Р.И. Отунбаева бир мезгилде өзү билим алган Ош шаарындагы С.М. Киров атындагы Мектеп-гимназияга келип, мектептин педагогикалык жамааты, ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы акыркы жаӊылыктар тууралуу жана дүйнөлүк тажрыйба менен бөлүшүп, аталган окуу жайдын иштери менен таанышты. Окуу жайдын окуучулары бийлеп, хор ырдап өз өнөрүн тартуулап келген конокторду кубандырышты.
Кездешүүдөн соӊ Р.И. Отунбаева “Салтанат” көркөм галереясынын иши менен таанышып, галереянын жетекчиси Салтанат Кайбылдаева менен баарлашты.
Ушул эле күнү Р.И. Отунбаева Ош шаарындагы Ноорус Мураталиев аттуу мекендешибиз тарабынан жаңы ачылган “БРИО” кофейнясынын ишин көрүп, жамааты менен баарлашып, кофейняга поэзия кечелерин өткөрүү, китептердин бет ачаарларын жасоо сунуштарын берди.
Сапардын жыйынтыгында Р.И. Отунбаева “Чоӊ-Кара” чек ара заставасынын жоокерлери менен кездешүүсү өткөрүлүп, акын Мирлан Самыйкожонун жоокерлерге дем берүүчү ыр саптары окулду.
Ал эми 12 - сентябрда Р.И. Отунбаева Баткен Мамлекеттик Университетинде болуп, анын жамааты жана студенттери менен жолугушуп, лекция окуду ошондой эле окуу жайдын иштери менен кененирээк таанышты.
Күндүн экинчи жарымында Баткен шаарында жаңы ачылган облустук «Айгүл-Тоо» тарыхый-маданий музей комплексин көрүп, музей жасап жаткан иштерине жогорку баа берип андан ары «Муз Булак» коругунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ушул эле күнү А.Жайнаков атындагы облустук театрда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган жазуучу Топчугул Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналган “Карегимде Өрүкзар” поэзия кечесине катышты.