Үстүбүздөгү жылдын 10-12-сентябрь күндөрү Р.И. Отунбаева Ош жана Баткен облустарынын Жогорку окуу жайларында кездешүүлөрдү өткөрөт
September 7, 2018, 06:00Кыргыз Республикасынын экс-Президентинин бул сапары билим берүү жана маданий багыттагы бир канча иш чараларга катышууга жана маанилүү жолугушууларга арналып жатат. Cапар учурунда Р.Отунбаева Ош Мамлекеттик университетинде ардактуу профессор катары окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери менен жолугушат,аларга билим берүү тармагынын дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөрү жөнүндө лекция окуйт. Университеттеги акыркы жылдары активдүү жүзөгө ашып жаткан инновациялык иш аракеттер менен таанышат жана “Эрайым” коомдук бирикмесинин , Кыргызстандагы “Енактус”, эң активдүү студенттер уюмунун , “СТЕМ” кыз келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу ддолбоорунун өкүлдөрү менен кездешет. Ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду трабынан уюштурулуп жаткан Ош Мамлекеттик Университетинин чон залында өтүүчү акындар Улукбек Омокеев, Зинакан Пасанова,Мелис Маматжанов,Бекмурат Келдибаевдин поэзия кечесине катышат.
11-сентябрь күнү Р.Отунбаева бир мезгилде өзү билим алган Ош шаарындагы С.М.Киров атындагы орто мектепке келип, мектептин педагогикалык жамааты, ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуп, аталган окуу жайдын иштери менен таанышат жана Ош шаарындагы Мекендештер тарабынан жаңы ачылган “БРИО” кофейнянын ишин көрөт.
Ал эми 12-сентябрь күнү Р.Отунбаева Баткен Мамлекеттик Университетинде болуп, анын жамааты жана студенттери менен жолугушуп, лекция окуйт. Ошондой эле аталган окуу жайдын иштери менен таанышат. Күндүн экинчи жарымында Баткен шаарында жаңы ачылган облустук тарых музейи менен таанышып андан соң А.Жайнаков атындагы облустук театрда өтүүчү“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан жазуучу Топчугул Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналган “Карегимде Өрүкзар” иш чарасына катышат.