«Кыргызстаныбызды кыдырабыз» - фонддун балдар үчүн жаңы басылмасы
August 22, 2018, 06:00Кыргызстанды өнүктүрүү жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» деген сонун китепти чыгарды.
Бул жөн гана таанып-билүү китеби эмес, бул чыныгы энциклопедия, ал балдар үчүн кызыктуу жана жеткиликтүү болгон саякат-аңгеме түрүндө жазылган. Кең-кесири карталар, ачык жана кооз сүрөттөр, ар бир областтын ажайып жерлерине милдеттүү түрдө басым жасоо, балдар үчүн тапшырмалар жана ата-энелер менен педагогдор үчүн сунуштамалар – ушулардын бардыгы басылманы кайталангыс кылат.
Бул китеп – Кыргызстан жана анын региондору, жаратылышы, ажайып жерлери жөнүндө, бул жерде жашаган адамдардын кең пейилдиги жана меймандостугу жөнүндө. Ал жаш окурманды биздин өлкөбүз жөнүндө жана анын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, экологиясын, тарыхый эстеликтерин жана материалдык эмес руханий мурасын сактоо үчүн ар бирибиз эмне жасай ала тургандыгыбыз жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырат.
Бул китеп Кыргызстандын биологиялык-маданий ар түрдүүлүгүнүн сонун дүйнөсүнө сиздин балаңыз үчүн алгачкы жол көрсөткүч болуп калсын.
Чыгаруунун маалыматтары: форматы А4, 147 бет, толук түстүү басылма, кыргыз жана орус тилдеринде.
Сатып алуу маселелери боюнча төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар:
Нурзат - (0555) 788-825
Альбина - (555) 004-240