Кыргызстанда эмгек мигранттарынын ийгиликтерин жана көйгөйлөрүн талкуулшты
August 10, 2018, 06:00Кыргызстанда эмгек мигранттарынын ийгиликтерин талкуулап жатышат. Ысык-Көлдүн жээгинде «Мекендештер» форуму өтүп жатат. Аны КР экс-президенти Роза Отунбаеванын Фонду уюштурду. Ага биринчи жолу иштеп жаткан мамлекет башчысы да катышууда, деп билдирет «МИР 24» каналынын кабарчысы Егор Орлов.
Ысык-Көлдө дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген кыргыз диаспораларынын эки жүздөн ашык өкүлдөрү жүрөт. Өлкөнүн мурдагы Президенти Роза Отунбаева аларды эмгек мигранттары: алар кандай жашап жатканы жана аларга ыңгайлуу болушу үчүн эмне жасоо керектиги жөнүндө маектешүү үчүн чакырган.
«Эмгек миграциясы – бул трагедия эмес. Бул мамлекеттердин өнүгүшүндөгү жөн гана этап. Түркия да ушул жол менен кеткен: ал учурда анын жарандары Германияда иштеп, тажрыйба топтоп жана андан соң өз өлкөсүн гүлдөтүп-өнүктүргөн. Биздин мекендештерибиз да ушул эле нерсени жасоого кудуреттүү. Ачык рынокто тажрыйбага ээ болуп, алар бизге инновацияларды, кесипкөйлүктү жана кала берсе демократияны алып келет», – деп билдирди Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева.
Эмгек мигранттарынын экономикага салымы жөнүндө азыркы мамлекет башчысы да айтып өттү. Форум өкүм сүргөн мезгилдин ичинде Президент анын ишине биринчи жолу катышты. Сооронбай Жээнбеков буларды белгиледи: чет өлкөлөрдө иштеп жаткандардын акча которуулары өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт – бул эки жарым миллиард долларга жакын. Эмгек мигранттары үй-бүлөлөрү жөнүндө камкордук көрөт жана ошол эле учурда мамлекет башчысынын бир пикирдештери болуп калууда, региондордун өнүгүшүнө салып кошууда.
«Биздин түпкү максатыбыз – бул мекендештерибиз өз өлкөсүндө татыктуу жашап жана иштеп, өз балдарын тарбиялай алышы үчүн толук баалуу шарттарды түзүү. Бул биздин мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири», – деп ырастайт Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков.
Президент буларга ынандырды: мекендештерибиз кайда жашабасын, мамлекет аларга жардам берет. «Биз мекендештерибизди колдоого багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин кабыл алууга тийишпиз. Биздин биргелешкен аракеттерибизге туруктуу мүнөздү берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын айрым функцияларын кайра карап чыгуу зарыл», – деп ишенет ал.
Бул багытта жигердүү иш жүргүзүлүп жатат. Кыргызстандын миграция кызматынын жана элчилигинин өкүлчүлүктөрү Россияда жана башка өлкөлөрдө ачылып жатат. Форумдун жыйынтыктары боюнча Сооронай Жээнбеков кеңешти түзүүгө убада кылды, анын милдеттерине мекендештер менен туруктуу иштөө кирет.
Азыркы учурда Кыргызстандын миллионго жакын жараны акча табуу үчүн чет өлкөлөрдө жүрөт. Алардын 90%ы – Россияда.