Сүйүнчү! Сүйүнчү!

August 23, 2018, 06:00

Балдар үчүн Жаңы окуу жылына карата “Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Биз мектепке барабыз” аттуу түрмөгүнүн алкагында биринчи жолу окуучулар жана ата-энелер үчүн төмөндөгү китептер жарык көрдү.



“Мектепке даярдык”


Автору: Догдургүл Кендирбаева

Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков


Бул китеп мектепке бара турган балдарды психологиялык жактан даяр¬доого багытталган. Китепте ар дайым ата-энесинин гана айланасында жүргөн балдардын биринчи өз алдынча мектепке баруу кадамы, өзүнүн кыймыл-ара¬кети үчүн жоопкерчиликти жана коомдо өзүн алып жүрүүнүн алгачкы бил¬гичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу жөнүндө жөнөкөй тил менен жеткиликтүү маалыматтар берилет.


Баасы 80 сом. 




 “Башталгыч мектепке саякат”


Автору: Догдургүл Кендирбаева

Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков


Бул китеп мектепке жаңы барып жаткан окуучуларга мектептеги эрежелер, шарт¬тар тууралуу маалымат берүүгө жана алардын коомчулукта өзүн-өзү алып жүрүү боюнча алгачкы көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.

Китеп жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен жазылды. Анда¬гы маалыматтар өнүктүрүүчүлүк мүнөздө болуп, ата-энелер жана мугалимдер кошумча кырдаалдарды ойлоп таап, өз алдынча иш¬теп чыгууга да мүмкүнчүлүк берет.

Биз балдарыбыздын түрдүү кырдаалдардан чыгуу жана шарт¬ка ылайыкташа билүү компетенттүүлүгүн канчалык эрте калып¬тандырсак, ошончолук турмушта өз алдынчалыкка жана жооп¬керчиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Китептеги маалыматтар баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык¬ташкан жана жамааттагы анын ролун аныктоого, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандырууга максатын коёт.

Китептин башкы максаты окуучунун жеке жоопкерчилигин эртелеп калыптандыруу.


Баасы 170 сом.




“Ынтымак сыры”


Автору: Догдургүл Кендирбаева

Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков


Китепте өлкөбүздө жашаган көп улуттуу элдердин ортосундагы достук мамиленин маанилүүлүгү чагылдырылган. Балдар бири-бирине, жаратылышка аяр жана камкор мамиле кылганда гана жакшы маанай өкүм сүрүп, жашоо көңүлдүү, кызыктуу улана тургандыгын баяндайт. Аталган китеп ынтымак болбосо ырыс жок экендигин баса көрсөтүп, ата-энелерди, балдарды ынтымакка, бири-бирин сыйлоого, урматтоого чакырат.

Баасы 170 сом.