«Бакай Банк» өлкөбүздүн калк арасында сабаттуулукту жогорулатууга салым кошууда
August 5, 2018, 06:00Билим деңгээлин жогорулатуу боюнча өлкөбүздүн ар аймагында өткөрүлгөн иш чараларды « Бака Банкы» туруктуулук менен колдоп келет. Бир нече жылдан бери биздин компания “Жайлоо Өнүгүү борборлору” билим берүү долбооруна каржылык жардам көрсөтүп келет. Үстүбүздөгү жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө чыгармачыл топторду жана мугалимдерди тартууга ошондой эле, тарбиячыларды кыска мөөнөттө жайлоо бала бакчаларына даярдоого жумшалды.
Бул жолу ата-энелерди жана балдарды айлана-чөйрөгө кам көрүүгө басым жасалды.Экология жана илим негизги темалардан болуп, балдар менен чоңдорго ар кандай тажрыйбалар көрсөтүлөт. Экология меннен илимден тышкары кол өнөрчүлүктүн / колдонмо көркөм өнөр, авиамоделдерди жасоо,шахмат ойноого, дене тарбия, сүйлөөнү өнүктүрүү ,коопсуздук эрежелери ,сүрөт тартуу жана ар кандай оюндарды үйрөнүүгө жумшалат.
“Жайлоо Өнүгүү борборлору” жайлоо шартында боз үйдө балдар менен ата-энелерди окутууга ыңгайлашкан. Бул долбоор аймактарда жетишсиз болгон бала бакчалардын альтернативасы. Долбоордун максаты алыскы аймактагы малчыларды жана балдарынын билим деңгээлин жогорулатуу. Мектепке чейинки бул даярдык балдардын коомго жана мектепте адаптация болуусуна жакшы шарт түзөт. Ошондой эле, жогорку максаттарга жетүүгө, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк болот.
Жайында жайыттарда кээ бир малчылардын малын жалданма жумушчулар кайтарат. Алар ар кандай аба ырайына карабай жашаган мал кайтарышат. Айылдагы социалдык абалы жакшыраактар жалданма жумушчуларды жумшашат. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын маалыматына ылайык өлкө боюнча балдардын 20% гана бала бакчаларга барышат. Жаңы бала бакчаларды ачуу менен, иштеп жаткан бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын жана билим берүү чөйрөсүн бекемдөө зарыл. Балдарга арналган китептердин, оюнчуктардын, пластилин, түстүү боектордун, музыкалык жабдуулардын жетишсиздиги курч маселе Белгилей кетчү нерсе, республикабыздын жети облусундагы жайлоо өнүгүү борборлору өз ишин июнь айынан баштаган. Алар үч миң бала жана миңдей ата-энени камтууго жетишет. “Бакай Банк” өлкөбүздүн калк арасында сабаттуулукту жогорулатууга, муктаж болгондорго жардам бурүүдө өз салымын кошууга даяр.
Учурдан пайдаланып Жайлоо өнүгүү борборлорундагы балдарды колдогондугу үчүн “Бакай Банкына” жана бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.