Улуттук Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары жайлоо бала бакчаларында
August 13, 2018, 06:00Жакында Улуттук Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары жайлоо бала бакчаларына барышты. Алар балдарга кесиптин түрлөрүн боюнча маалымат берип, ар кесиптин өзгөчөлүгүнө токтолушту.
“Мен ар дайым балдарга кубаныч тартуулагым келет. Себеби азыркы кээ бир жаштардын өзүлөрүн пассивдүү алып жүрүшкөнү капа кылаар эле. Ошондуктан, балалык позитивдүү эмоцияларга толсо, коомдо жакшы таасир берген муун тарбияланат эмеспи. Ошол себептүү жайлоо бала бакчаларына бардым. Бирок тескерисинче Жайлоо өнүгүү борборлорунда жеткинчектер мени шыктандырып, кубаныч тартуулашты. Аймактагы балдар аябай боорукердиги жана камкордугу менен айырмаланат экен”,- деди Улуттук Кызыл Ай коомунун ыктыярчыларынын бири - Эдил Молдоев.
Андан тышкары Улуттук Кызыл Ай коому беш Жайлоо өнүгүү борборлорун балдардын окуусуна керектелүүчү куралдар менен камсыз кылды. Жайлоо өнүгүү борборлорун уюштуруу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өнөктөштөр менен бирге ишке ашууда. Быйылкы жылы жалпысынан 102 жайлоо бала бакчасы иш алып барды.
Учурдан пайдаланып “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорун колдоп келе жаткандыгы үчүн “Улуттук Кызыл Ай коомун” жана бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.