Балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө таасир берген Жайлоо өнүгүү борборлору
August 11, 2018, 06:00Жыл сайын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору » өнөктөштөрдүн салымы менен жүргүзүлөт. 2018-жылда бул долбоорду «Аскар Салымбековдун Фонду» колдоого алып, алыскы тоолуу райондордогу балдарга мектепке чейинки зарыл билимди алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө салымын кошту. Баардыгы болуп 15 Жайлоо өнүгүү борборлору 150 000 сомго канцеляриялык жана окуу куралдар менен камсыз болушту.
Үстүбүздөгү жылы жайлоо өнүгүү борборлору өлкө боюнча 102 жетти. Аймактарда уюшулган жайлоо бала бакчаларында үч жаштан он үч жашка чейинки балдар мастер класстарга катышат. Ар бир күн үчүн атайын даярдалган программалар колдонулат. Республикабызда жайлоо өнүгүү борборлорду ачууда кыйынчылыгы менен кубанычы да бар. Кээ бир аймактар кыйынчылыкка карабай жан дилдери менен ыктыярчылык негизде эмгектенишет. Кээ бири суука чыдаса, кээси ысыкка чыдайт. Балдар бир нерсеге үйрөнүшсө, ошондон кубаныч алган кесиптештер андан көп. Алардын бири Нарын облусунун Ат башы районундагы Казыбек айыл аймагына караштуу “Казыбек” Жайлоо Өнүгүү борборундагы тарбиячы Мунара Аскарбек кызы : “Көз алдыңда балдардын жүрүм-туруму өзгөрсө, кубаныч аласың”- деп өз мындай бөлүштү.
Жайлоо бала бакчасына ар кандай курактагы балдар келет. Алардын мүнөздөрү да ар түрдүү. Алгач Сейдилаев Барчынбек келгенде сүйлөй албай жаӊсап, өзүнчө олтура берген түнт бала эле. Апасы бала бакчага алып келип жардам сурады. Апасы экөөбүз чогуу иштедик. Кийин келип, бала бакчага баламды берем деди. Тарбиясы жүрүм –туруму аябай өзгөрдү. Сүрөт тартканда чогуу тартышып, балдар менен аралашып ойноп калды. Барчынбек 3жашта . Жыл сайын мындай мисалдар өсүп турат.
Үч ай аралыкта балдар мектепте алган билимин бекемдесе, жеткинчектер мектепке даярдык көрүшөт.
Кошучалай кетсек бул иш чаранын алкагында “Конок мугалим” долбоору үч жылдан бери ишке ашып келет. Анда түштүктөгү мугалимдер түндүк аймагына барып, түндүктөгү мугалимдер түштүк аймагында болушат. Алар жайлоо бала бакчаларында болуп, тажрыйба алмашып, тарыхый баалуулуктар менен таанышышат.
Учурдан пайдаланып Жайлоо өнүгүү борборлорундагы балдарды колдогондугу үчүн “Аскар Салымбековдун Фондуна” жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.
4