Ыраазылык
July 31, 2018, 06:00ОО "Айкол Борборунун" негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбековго жаамы мекендештер атынан алкыш айтабыз! Ал өзүнүн Москва шаарынан чыгуучу "Деловая аудитория" журналынын бир номерин "Мекендештер-2018" Форумуна толук арнап, аны акысыз чыгарып алып келип берди. Журнал чет жактарда ийгиликтүү иштеп жаткан биздин мекендештерибиздин тажырыйбалары, тагдыры, Кыргызстанды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымдары тууралуу абдан мазмундуу жана кызыктуу макалаларды жана интервьюларды камтыган. Журнал Форумдун катышуучуларына таратылып берилет.Ошондой эле журналды aviatrafik компаниясы аркылуу самолетто учкан пассажирлер абада баратып окуй алышат.
Кубанычбектей мекендештерибиз көп болсун! Баракелде!