Борбордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) кызматкерлери үчүн гендердик жана чыр-чатак сезимталдыгын пландаштыруу боюнча тренинг өтөт

July 24, 2018, 06:00

2018-жылдын 25-27-июлунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Калк жагынан фонду (ЮНФПА) ЖӨБОнун кызматкерлери үчүн гендердик жана чыр-чатак сезимталдыгын пландаштыруу боюнча тренингди өткөрүп жатат, ал БУУнун агенттиктеринин (ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУ УНП) «Бишкек шаарынын турак жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорун ишке ашыруунун алкагында пландаштырылган.

 

Өткөрүү орду: К.Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепкананын конференц-залы.

Башталышы: 9.00

 

Тренингге Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкаруунун өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын 10 пилоттук жаңы конуштарынын квартал башчылары катышууда.

 

ЖӨБО жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактардын алдын алууда өзгөчө маанилүү роль ойнойт. Жарандарга жакын тургандыгы ЖӨБОго келип чыккан чыр-чатакка тез мамиле кылуу үчүн гана эмес, ошондой эле социалдык оорчулукка ыктымалдуу факторлорду четтетүү жагынан өз учурунда чара көрүү үчүн артыкчылыктарды берет. Бирок бул функцияны, ЖӨБОлор жарандарга отчет берүү принциби боюнча иштеген шартта, эгерде тургундар менен өз ара аракеттенүүнүн туруктуу иштеген тутуму бар болсо, эгерде жарандар менен ЖӨБОнун ортосунда ишеничтүү мамилелер тутуму бар болсо, аткарууга болот.

 

ЖӨБО менен кызматташтык долбоордун максаттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өзөктүү шарт болуп саналат. ЖӨБОнун ролу жамааттардын артыкчылыктарын эске алуу менен турак-жай конуштарын өнүктүрүүнү пландаштыруу, аял лидерлер, жаштар топтору жана жамаат менен диалогдор үчүн аянтчаны камсыз кылуу, тынчтыкты бекемдөө жана социалдык оорчулукту жеңилдетүү боюнча биргелешкен демилгелер үчүн турак-жай конуштарынын тургундарын активдештирүүгө көмөктөшүүчү инновациялык коомдук чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү боюнча долбоордук иш-чараларга жигердүү катышууну камтыйт.

 

Тренингдин максаты социалдык оорчулукту төмөндөтүү жана ыктымалдуу чыр-чатактарды өз учурунда табуу жана алдын алуу үчүн 10 пилоттук жаңы конуштун тургундары менен мамилелерди жана өз ара аракеттенүү практикасын жакшыртуу үчүн Бишкек шаарынын ЖӨБО кызматкерлеринин потенциалын арттырууга көмөктөшүүгө багытталган. Тренингдин өзөктүү милдеттеринин бири тарабынан гендердик жана чыр-чатакка сезимтал пландаштыруу жана бюджет түзүү маселелери боюнча Бишкек шаарынын ЖӨБОлорунун өкүлдөрүнүн жөндөмдөрүн жана билимдерин күчөтүү пландаштырылууда.

 

Тренингдин учурунда төмөнкүдөй маселелерди кароо жана иликтөө пландаштырылып жатат:

 

• Бишкек шаарынын ЖӨБОлорунун функцияларын жана ыйгарым укуктарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук базанын баяндамасы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, жергиликтүү өнүгүү, бюджеттерди даярдоо программаларын иштеп чыгууда ЖӨБОнун ролу

• Гендердик жана чыр-чатакка сезимтал пландаштыруу жана бюджет түзүү принциптери

• Пландаштыруу үчүн эсепке алууну жана гендердик статистиканы жүргүзүү принциптери

• Жергиликтүү маанидеги чыр-чатактуу кырдаалдарды жана көйгөйлөрдү табууда жана алдын алууда ЖӨБОнун ролу

 

Бул иш-чаранын машыктыруучусу болуп бюджет жана финансы маселелери боюнча тажрыйбалуу эксперт А.Т. Таранчиева саналат.

  

Кошумча маалымат үчүн Сагипа Джусаевага кайрылыңыздар, тел: 0554 031678