КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Чүй жана Талас областтары боюнча иш сапары

July 25, 2018, 06:00

2018-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Отунбаева Роза Исаковна Кыргызстандын малчыларынын V Республикалык слетуна катышты, слет Чүй областынын Суусамыр өрөөнүндө өттү.

 

Слетто Р.И. Отунбаева «Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлорунун» иши жөнүндө айтып берди, малчылардын слетун тажрыйба алмашуу жана алдыңкы малчыларды жана айыл чарба кооперативдерин кубаттоо жана сыйлоо үчүн, ошондой эле ар бир адам мал чарбачылыгы жана айыл чарбасы менен байланышкан кандайдыр-бир нерсени таба ала турган ар кыл түрдөгү көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү катары ушул аянтчаны ар жылдагы негизде өткөрүү идеясын бөлүштү,

 

Андан соң Роза Исаковна Чүй жана Талас областтарында жайгашкан эки «Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборуна» барды. Экс-Президенттин келишине сүйүнгөн балдар өнүктүрүү борборунда жүргөн мезгилде алар ээ болгон өз жөндөмдөрүн көрсөттү жана убакытты таанып-билүү үчүн жана көңүлдүү өткөрүп жатканын айтып берди.

 

Ошол эле күнү Р.И. Отунбаева Талас районунун төрт мейман үйүнө барды жана жашоо шарттарын жакшыртуу жана үйлөрдүн жанындагы участокторду жашылдандыруу боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Талас шаарындагы мейман үйүнө келгенде Роза Исаковна жумушчу визиттин биринчи күнүнүн натыйжаларын талкуулоо боюнча жолугушуу өткөрдү, ага КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү М.М. Мураталиев, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Б. Осмонбеков, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ш. Жаркыналиева, Талас шаарынын вице-мэри Д.С. Курманалиев, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Азамат Капарович Жаманкулов, областтык драма театрынын директору К.А. Эстебесов, Талас университетинин окуу бөлүгү боюнча проректору М.С. Тургунбаев жана Бакай Ата районунун акиминин орун басары А.Шамбетова катышты.

 

Р.И. Отунбаева «Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору» жана мейман үйлөрү боюнча сапардын натыйжаларын катышып олтургандар менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө областта туризмди өнүктүрүү үчүн дагы иштөө керек, анын ичинде архитектуралык жана ландшафттык дизайндарды иштеп чыгуу, жер-жерлерде туризмди өнүктүрүү боюнча окутууну жүргүзүү, инфраструктураны жакшыртуу, маданий иш-чараларды, туристтерди тартуу үчүн «Кийиз Фестиваль”, “Өрүк фест” фестивалы сыяктуу жана башка ар кандай түрдөгү фестивалдарды өткөрүү зарыл деп белгиледи.

 

21-июлда Р.И. Отунбаева КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү, мэр жана Талас шаарынын жергиликтүү администрациясынын өкүлдөрү менен бирге Талас дарыясынын жээк зонасын карап чыкты жана дарыяны бойлото сейил аллеясын түзүү идеясын сунуш кылды. Андан соң К.Медетбеков атындагы Талас областтык музыкалык драма театрын карап чыгышты, ал жерде эң кичинекей көрүүчүлөр үчүн театрдын эшиктерин ачуу жана областтын мектептери үчүн театр спектаклдерин коюу жөнүндө идея айтылды. Андан кийин шаардык сейил бактын аймагын карап чыгышты, Роза Исаковна анын аймагында бий зоналарын түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды. Ошондой эле Роза Исаковна китеп дүкөнүнө барды.

 

Кийинчерээк аларга кошулган Швейцариянын миссиясынын башчысынын орун басары Даниэль Мевли-Монтелеон менен бирдикте делегация Арт-лагерге барды. Арт-лагерде эс алып жана окуп жүргөн балдар төмөнкүдөй багыттар боюнча өздөрүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө меймандарга айтып берди: живопись, чоподон буюм жасоо чеберчилиги, дизайн, вокал, бий, кино жана драма, кулинардык өнөр. Лагерде болгон он күндүк мөөнөттө балдар көркөм өнөрдүн тандалган багытынын чеберчиликтерин өздөштүрүп, өз потенциалын ачып, алмашуу класстарынын учурунда көркөм өнөрдүн башка түрлөрү менен тааныша алды. Арт-лагердин катышуучуларынын арасында Талас областынан 9 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 150 бала жана Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы Ноокаттагы, Жалал-Абаддагы, Баткендеги, Чолпон-Атадагы мектеп-интернаттардан 30 окуучу болду. Лагердин алкагында балдар ошондой эле «Манас-ордо» Улуттук комплексине барды.

 

Күндүн экинчи жарымында Р.И. Отунбаева сүрөтчүлөрдүн Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көргөзмөсүнө, Чыңгыз Төрөкуловичтин ата-журтуна – Шекер айылына, Ч.Айтматов атындагы музейге жана анын чыгармаларынын каармандарына арналган ачык асман астындагы скульптуралык музейге, ошондой эле Шекер жана Кура Буура айылдарындагы мейман үйлөрүнө барды.