Компаньон Банкы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында беш борборду ачууну колдоду

July 25, 2018, 06:00

Компаньон Банкы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында беш борборду ачууну колдоду, анын максаты калкка мектепке чейинки билимди алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат. Жайлоодогу балдар бакчаларында жай мезгилин алыскы тоолуу райондордо өткөрүп жаткан малчылардын балдары окутуунун атайын иштелип чыккан программасы боюнча базалык билимдерди алат. Долбоорду уюштуруучу болуп «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ саналат.

 

2018-жылы Компаньон Банкы Нарын жана Ош областтарында 5 бакчаны ачууну колдоп, балдар бакчаларынын толук иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл канцеляриялык товарларды берди.

 

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорундагы балдарды колдогондугу үчүн “Компаньон” Банкына, “Компаньон” Банкынын башкармалыгынын төрагасы Черикбаева Маргарита Шаимовнага жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.

 

Компаньон Банкы Кыргызстандын жамааттарын өнүктүрүүгө багытталган жана социалдык демилгелерди колдоону улантат.