КР экс-Президенти Р.Отунбаева Малчылардын республикалык слетуна катышат
July 19, 2018, 06:00Үстүбуздөгү жылдын 20-21- июль күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунтбаванын демилгеси” эла аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.Отунбаева Суусамырда жана Талас облусунда иш сапарда болот. Ал Суусамыр өрөөнүндө өтүүчү Малчылардын V республикалык слетуна катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөйт. Ошондой эле ал өз сөзүндө Жайлоо өнүгүү борборлору жөнүндө, алардын малчылардын балдарын өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу токтолот. Андан соң Суусамырда жана Өтмөк ашуусунда жайгашкан Жайлоо өнүгүу борборлоруна барып, анын иштери менен таанышат.
Р.Отунбаева менен кошо бул иш сапарга Кыргызстандагы Швейцария миссиясынын башчысынын орун басары Даниэль Мевли – Монтелеон барат. Ошондой эле КР Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиевдин жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм Департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун да баруусу күтүлүүдө.
Кыргызстандын аймактарында туризмди өнүктүрүүдө заманбап талапта иштеген мейман үйлөрүнун ролу чоң экенин жана аларды өнүктүрүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатканын өз сөзүндө белгилеген Р.Отунбаева кечке маал Талас , Кара-Буура райондорундагы жана Талас шаарындагы бир канча мейман үйлөрү менен таанышат.
21-июль күндөгү иш сапарын Р.И.Отунбаева Ак-Дөбө айылындагы Теодор Герцендин музейин көрүп, бул музейдин алдындагы көркөм сүрөт сабагынын окуучулары менен жолугушуудан баштайт. Андан соң Ивано-Алексеевкадагы “Барчын” балдар билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборуна келип, экологиялык Арт-лагердин ишмердүүлүгү менен таанышат.Ошондой эле Кыргызстандагы Швейцария элчилигинин колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жаткан жайкы көркөм эстетикалык Арт-лагердин ишмердүүлүгү менен да таанышат. Бул лагерге өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт мектептеринин окучулары катышууда. Арт-класстар даярдаган отчеттук концертти көрөт, бул лагердин жабылышында сөз сүйлөйт.
КР экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын бул иш сапары да адаттагыдай абдан мазмунга бай жана кызыктуу болоору күтүлүудө.