Чгармачылыктан зор шыктануу жана кубанычтар, достукту сүйгөн жагдай, жаңы достор жана кызыктуу таанышуулар - биринчи арт-лагерь старт алды!
July 17, 2018, 06:0013-июлда Швейцариянын КРдагы элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду уюштурган Арт-лагерь старт алды! Арт-лагерге Талас областынан 150 бала жана КРнын Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт мектептеринен 30 бала катышып жатат. Арт-лагердин иши: бий, вокал, гончардык өнөр, дизайн/колдонмо өнөр, кино жана драма, живопись жана кулинардык өнөр боюнча 8 арт-классты камтыйт.
Арт-лагерь иштеген убакыттын ичинде балдар өнөрдүн ар кандай түрлөрү жөнүндө түшүнүк алып, базалык ыкмаларга үйрөнө алат.
Бул Талас областында балдар үчүн өткөрүлүп жаткан биринчи арт-лагерь. Уюштуруучулар балдарды көркөм өнөргө аралаштыруу аларга шыктанууну берет, көркөм өнөрдүн ар кыл түрлөрү жөнүндө алардын түшүнүгүн кеңейтет, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун алдын алуу болуп калат деп үмүттөнөт.