Оргочор айылында тренинг болуп өттү

July 13, 2018, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууга жана аны туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында “Мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борборду ачууда айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын ролу” аталышында тренинг болуп өттү.Тренингдин жыйынтыгы боюнча иш чара өз максатына жетти. Эскерте кетсек, тренингдин максаты платформа катары мигранттар үчүн маалыматтк-миграциялык борборду пайдалануу менен кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү жамааттардын, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын билим деңгээлин көтөрүү жана ролун аныктоо болгон эле. Катышуучулар келечекте, баарынан мурун, айылдык аймактар Адам үчүн, анын кызыкчылыгы үчүн болушу керек деген бир жыйынтык ойго келишти.


Биринчиден, аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешине жана өнүгүүсүнө төмөнкүдөй баалуулуктарды орнотуу: өмүрдү сактоо баалуулуктары, экономикалык жүрүм-турум баалуулуктары, коомдук жүрүм-турум баалуулуктары, маданият жана руханий жаатындагы баалуулуктар. Ошондой эле катышуучулар “Миграциядагы гумандуулук жана тартип мигранттарга да жана аларды кабыл алган коомдорго да пайда алып келиши керек”деген Эл аралык миграция уюмунун принциптерин ишке ашырууну жана калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү зарыл экендигин белгилешти.


Тренингди эксперт, бюджет жана финансылык анализ боюнча улуттук консультант Асия Таранчиева өткөрдү.


Аталган иш чара “Роза Отунбаеанын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Фонддун аткаруучу директору Д.Кендирбаева тренинг учурунда сүйлөгөн сөзүндө айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын тренингде коюлуп жаткан маселени чечүүдө ролу жогору экендигин белгиледи жана катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Д.Кендирбаева ушул аймактын кулундары болгон миграцияда жүргөн Т.Жукешовдун жана А.Сарыгуловдун Тосор айылындагы ийгиликтүү тажырыйбасына токтолду. Алар да бир кезде өздөрү жашаган аймакта мыкты адис болгонуна карабастан жумушсуздуктун айынан аргасыз бири Кытайга, бири Түркүяга эмгек мигранты болуп кетишкен. Бүгүнкү күнү алар өз айылын өнүктүрүүгө туруктуу салымын кошуп жатышат.


Ошондой эле тренингке Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ) өкүлү да катышып, ал бул уюмдун миссиясы, Маалыматтык-миграциялык борбордун алдыда аткарыла турган иштери тууралуу маалымат берди. Эртеңки күнү аталган Борбордун милдети тынымсыз миграцияга кетип жаткан адамдарга мыйзам чегиндеги туура жана керектүү , зарыл маалыматтарды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналаары баса белгиледи.


презентацияны шилтеме боюнча жазып алууга болот >>>