Жайлоо өнүгүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунан белек тапшырылды

July 10, 2018, 06:00

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» кыргыз жана орус тилинде жаңы басылып чыккан 100 даана китеп-жыйнакты белекке берди. Бул Жайлоо өнүгүү борборлоруна келген балдар үчүн абдан кызыктуу жана баалуу белек болду. Китеп-жыйнак “Каармандар өз досторун чакырат” (“Герои приглашают своих друзей”) деп аталып, ага 25 балдар жазуучуларынын чыгармалары кирген.


Тактап айтканда, балдарга арналган бул жыйнакта“Каармандар өз досторун чакырат” аттуу конкурска катышкан Кыргызстандын белгилүү балдар жазуучуларынын чыгармалары топтолгон. Ошондой эле китепке конкурска катышкан балдардын сүрөттөрү да пайдаланылган.


Жайлоо өнүгүү борборлорундагы тарбияланып жаткан балдарга китептерди берген көмөгү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна ыраазычылык билдиребиз.


Маалымат үчүн: Китеп ЮНЕСКОнун 2016-2017-жылдардагы № 8290113171 “Каармандар өз досторун чакырат” (“Герои приглашают своих друзей”) балдар адабиятынын фестивалы программасынын алкагында жарык көргөн.