Америкадан келген математикадагы артыкчылыгы үчүн сыйлыктын ээси менен жолугушуу
July 6, 2018, 06:002018-жылдын 6-июлунда И. Раззаков атындагы КМТУда математикадагы артыкчылыгы үчүн сыйлыктын ээси Айбилек Алдаярова менен жолугушуу болуп өттү.
А.Алдаярова «Программалоо, СТЕМ. Кыргызстанга пайдалуу болгум келет» темасына презентация жасады (презентацияны шилтеме боюнча жазып алууга болот >>>).
Айбилек программалоо, код коюу жөнүндө, аларды үйрөнүү эмне үчүн маанилүү экендиги жөнүндө, бул жагынан адистешүүнүн түрлөрү жөнүндө, дүйнөнү өзгөртүүгө жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө шыктанган демейки адамдар түзгөн тиркемелер (Safer Seas Service, Modisar, Refunite) жөнүндө, СТЕМ жагынан мансабын түзө алган ийгиликтүү кыз-келиндердин таржымалдары жөнүндө жана Girls Who Code, National Mathematics Honor Society жана Science Olympiad сыяктуу клубдар жөнүндө айтып берди.
Ал ошондой эле курчап турган чөйрөнүн булганышына, пластик калдыктарда жана башка каршы күрөшүүдө Кыргызстанга заманбап технологиялардын жардамы менен кантип көмөктөшүүгө боло тургандыгы жөнүндө айтып берди. Айбилек Кыргызстанда СТЕМ клубун түзгүм келет, ал кыздарга келечектеги адистикти аныктоого жана инженерия жагынан так илимдерге кыздарды мүмкүн болушунча көбүрөөк тартууга жардам берер эле деп белгиледи.
Жолугушууга мектеп окуучулары, студенттер жана бир катар уюмдардын өкүлдөрү катышты. Презентациядан кийин бардык каалагандар Айбилекке өз суроолорун бере алды.
Иш-чараны АКШнын КРдагы Элчиигинин Демократиялык комиссиясынын финансылык колдоосу аркасында ишке ашырылып жаткан «СТЕМде кыз-келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөрдү.