«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Заманбап көркөм өнөр - балдарга» деген жаңы долбоорду ишке киргизет

July 3, 2018, 06:00

 «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Швейцариянын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен жаңы «Заманбап көркөм өнөр – балдарга» долбоорун ишке киргизип жатат.

 

14-23-июлда Талас областындагы балдар үчүн алгачкы Арт-лагерь өтөт. Бардыгы болуп Арт-лагерь 180 баланы камтыйт, алардын ичинен 30у – булар Баткендеги, Ноокаттагы, Жалал-Абададагы, Ош шаарындагы, Чолпон Ата шаарындагы мектеп-интернаттардын, Бишкек шаарындагы Көркөм сүрөт академиясынын окуучулары. Жаш сүрөтчүлөр маалыматтарды алат, өз таланттарын ачат, бири-бири менен достошуп, теңтуштары жөнүндө билип жана өзү жөнүндө башкаларга айта алат. Программада живопись, чопо жана колдонмо көркөм өнөр, бий, вокал, драма, кино боюнча арт-класстар бар. Мындан тышкары, балдар кулинариянын жана этикеттин негиздерин үйрөнө алат.

 

Арт-лагердин максаты – Талас областынын балдарын жана КРнын Көркөм сүрөт академиясынын окуучуларын көркөм өнөрдүн ар кыл түрлөрү менен тааныштыруу, алардын талантын жана ар бир баланын потенциалын ачууга көмөктөшүү. Балдарды жана өспүрүмдөрдү көркөм өнөргө аралаштыруу, дүйнөлүк маданиятка жуурулуштуруу жана андан ары өнүгүү үчүн дем берүү.