Оргочордо ЖӨБОнун потенциалын арттыруу боюнча тренинг өтүп жатат
July 9, 2018, 06:002018-жылдын 9-июлунан тартып 10-июлуна чейинки мезгилде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында «Гендердик жактан сезимтал пландаштыруу жана бюджет түзүү маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын арттыруу» темасына тренинг өтүп жатат. Тренингди Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги финансылаган «Региондук жана эл аралык көйгөйлөргө жооп иретинде адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана чабал мигранттарды коргоо боюнча потенциалды чыңдоо» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРдагы Миграция боюнча эл аралык уюм менен бирдикте уюштурду.
Тренингге Оргочор жана Тамга айыл өкмөттөрүнүн ЖӨБларынын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, аялдар кеңештеринин, жамааттардын лидерлеринин ичинен 30дан ашык адам катышып жатат. Окутуунун милдети – жергиликтүү жамааттарда адамдарды сатуу тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча биргелешкен иш-чараларды камтыган Аракеттер пландарын даярдоодо жана жүзөгө ашырууда ЖӨБОлордун, жергиликтүү жамааттардын лидерлеринин жана активисттеринин ортосунда кызматташтыкты чыңдоо. Тренингдин максаты –маалыматтык-миграциялык борборду мигранттар үчүн платформа катары пайдаланып, кызмат көрсөтүү боюнча кызматташтык маселелеринде Ысык-Көл областынын эки пилоттук районунда ЖӨБОлордун өкүлдөрүнүн (жергиликтүү жамааттардын, айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын) потенциалын жогорулатуу.
Тренингдин учурунда катышуучулар кызмат көрсөтүүдө жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө укуктук негиздерди баяндоо жагынан иш жүргүзөт. Мындан тышкары, программада айыл өкмөтүн туруктуу өнүктүрүү максатында анын деңгээлинде мигранттар үчүн маалыматтык-миграциялык борбордун иштешинин максатка ылайыктуулугун жана укуктук негиздерин карап чыгуу каралган. Ошондой эле тренингдин жүрүшүндө 2017-жылдагы отчеттордун негизинде айыл өкмөттөрүнүн бюджеттери каралат, ошондой эле катышуучулар маалыматтык-миграциялык борборду мигранттар үчүн платформа катары пайдаланып, кызмат көрсөтүүдө жергиликтүү жамааттардын, айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролун талкуулайт.