Математика жаатындагы артыкчылык сыйлыгынын ээси Айбилек Алдаярова менен жолугушууга чакырабыз
July 2, 2018, 06:00Жолугушуу 2018-жылы 6-июлда саат 10.00-дө И.Раззаков атындагы КМТУде өтөт (чоӊ акт залы). Айбилек Алдаярова математика жаатындагы артыкчылык сыйлыгынын ээси, оптика боюнча Фэйрфакс аймагынын жогорку мектептер арасында олимпиадасынын жеӊүүчүсү, Улуттук Ардактуу Математика бирикмесинин мүчөсү, так илимдер боюнча Джэймс Мэдисон мектеп клубунун вице-президенти (Вена шаары, Вирджиния штаты, АКШ). Жолугушуу учурунда А.Алдаярова программалоо, математика жаатында өз жетишкендиктери тууралуу жана Кыргызстанда STEM клубун ачуу маанилүүлүгүн айтып берет.
Алдаярова А.: “Программалоо – азыркы учурдун сабаттуулугу. Менин оюмча, канча көп кыз программалоо менен алектенсе, ошончо гендердик теӊсиздик азаймак. Азыр көп кесиптер программалоонун баштапкы билимдерин билүүнү талап кылат. Мисалы, коддоо кино тартууга же учуучу аппарат жасоого жардам бере алат, же медицина тармагын карасак, көп дарттарды аныктоо жасалма интеллектин жардамы менен ишке ашууда”.
Кездешүүгө катышуу үчүн төмөнкү эл.дарек: asel.marazhabbai@gmail.com же байланыш телефон: 0555821504 аркылуу каттоодон өтүүнүздөрдү суранабыз.
Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан "СТЕМде аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү жана ролун жогорулатуу" долбоорунун алкагында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.