Окутуучу жана өнүктүрүүчү материалдарды сатып алууда ТИКА «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен жардам берип жатат

June 19, 2018, 06:00

Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы (ТИКА, Бишкек офиси) оюнчуктарды жана канцеляриялык товарларды сатып алууда «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» үчүнчү жыл катары менен колдоо көрсөтүп жатат. Быйылкы жылы ТИКА 1 163 800 сом суммасына колдоо көрсөттү. Бул каражаттарга бүткүл Республика боюнча 50 Жайлоо өнүгүү борборлору оюнчуктар жана канцеляриялык буюмдар менен камсыз кылынат.


Расмий тапшыруу 2018-жылдын 18-июнунда Экономика министрлигинин имаратында болуп өттү. Иш-чарага ТИКАнын Кыргызстандагы Бишкек офисинин Координатору Али МУСЛУ, Координатордун жардамчысы Фатих Абди Четин, ассистенти Санжар Алтымышев жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Аткаруучу директору Кендирбаева Догдургүл, «Жайлоо онүгүү борборлору» долбоорунун координатору Сагынтай уулу Арстанбек жана башкалар катышты.


2018-жылы июндан тартып августка чейин 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору ачылат, аларда балдарга өнүгүүгө жана жаңы жөндөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берилет. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору жетүүгө кыйын болгон тоолуу райондордо, көздүн жоосун алган жайлоолордо болот. Ал жактарга малчылардын 3 жаштан 14 жашка чейинки балдары барат. Бул балдар үчүн атайын окутуу программасы иштелип чыккан. Борборлордо тарбиячылардан тышкары сүрөтчүлөр, шахматчылар, илимпоздор, инженерлер, машыктыруучулар, белгилүү инсандар, көркөм өнөрдүн чеберлери, чет өлкөлүк волонтерлор болот жана алардын бардыгы балдарга ар түрдүү мастер-класстарды көрсөтөт, ошондой эле балдарды ар кыл жөндөмдөргө үйрөтөт. Мындан тышкары,ата-энелер үчүн, малчылар үчүн балдарды туура тарбиялоо, өспүрүмдөр психологиясы боюнча, баланы тарбиялоодо атанын ролу жөнүндө, үй-бүлөлүк бюджет жана башкалар жөнүндө тренингдер өткөрүлөт.


Быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат. Экология менен илим балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстардын, эксперименттердин, тажрыйбалардын башкы темалары болуп калат.


Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору Кыргыз Республикасынын алыскы тоолуу райондорун камтууга мүмкүндүк берет, ошентип, Кыргызстандын балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камтууну арттырат.


Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун ачылышы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча Жайыт департаменти, жогорку окуу жайлар, Балдардын чыгармачылык борборлору, райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору модели шаардык балдардын, малчылардын балдарынын жана туристтердин, меймандардын жана башкалардын интеграциясы ишке аша турган аянтча болуп саналат. 

 

Жайлоо өнүгүү борборлорун колдогондугу үчүн Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгына (ТИКА, Бишкек офиси) жана ТИКАнын Бишкек офисинин программалык координатору Али МУСЛУ жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.


Кошумча маалымат үчүн Сиз 0 556 54 91 54 телефону боюнча кайрыла аласыз. 

 

Маалымат үчүн:

«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун төрт жылдык (2014-2017) ишинин жыйынтыктары боюнча, балдарды камтуу 9100дөн ашык баланы жана 3500дөн ашык ата-энени түздү. Биз ушундай натыйжаларга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жайыт комитеттери, демөөрчүлөр, волонтерлор жана башка активисттер менен тыгыз кызматташтыктын аркасында жетише алдык.

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору – бул кайталангыс инновациялык долбоор, анын негизги максаты калктын аялуу категориясынын – айылдык балдардын жана малчылардын балдарынын билимге бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Белгилеп кетүү керек, 2017-жылы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору "Event Awards Central Asia" сыйлыгынын алкагында «Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы» катары (Бишкек шаары) 1-орунду жана КМШнын жана алыскы чет өлкөлөрдүн ичинен 94 лауреаттын арасында "Global Event Awards" сыйлыгынын «Балдардын мыкты иш-чарасы» категориясында (Москва шаары) 2-орунду ээлеп, эл аралык таанууга арзыды.


Долбоордун 2014-2017-жылдардагы иши жөнүндө отчет жана видеофильм биздин www.roza.kg сайтыбызда жеткиликтүү.