Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда балдарды экологиялык тарбиялоо
June 13, 2018, 06:00Июнда республиканын жети областында 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору өз ишин баштайт.
Быйылкы жылы балдарды жана ата-энелерди экологиялык тарбиялоого басым жасалат.
Экология менен илим балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстардын, эксперименттердин, тажрыйбалардын башкы темалары болуп калат.
Илим менен экологиядан тышкары, балдарды өнүктүрүү программасына кол өнөрчүлүк/көркөм өнөрдүн колдонмо түрлөрү, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экология, дене тарбиясы, сүйлөөнү өнүктүрүү, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу, оюндар боюнча сабактар киргизилет.
Долбоордун алкагында биз журналисттерге Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун ичинен каалаганына барууга мүмкүнчүлүк беребиз.
Кошумча маалымат үчүн Сиз 0 556 54 91 54 телефону боюнча кайрыла аласыз.
Сиз менен кызматташууга куштарбыз!
Маалымат үчүн:
«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун төрт жылдык (2014-2017) ишинин жыйынтыктары боюнча, балдарды камтуу 9100дөн ашык баланы жана 3500дөн ашык ата-энени түздү. Биз ушундай натыйжаларга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жайыт комитеттери, демөөрчүлөр, волонтерлор жана башка активисттер менен тыгыз кызматташтыктын аркасында жетише алдык.
Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору – бул кайталангыс инновациялык долбоор, анын негизги максаты калктын аялуу категориясынын – айылдык балдардын жана малчылардын балдарынын билимге бирдей жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Белгилеп кетүү керек, 2017-жылы «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору "Event Awards Central Asia" сыйлыгынын алкагында «Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы» катары (Бишкек шаары) 1-орунду жана КМШнын жана алыскы чет өлкөлөрдүн ичинен 94 лауреаттын арасында "Global Event Awards" сыйлыгынын «Балдардын мыкты иш-чарасы» категориясында (Москва шаары) 2-орунду ээлеп, эл аралык таанууга арзыды.
Долбоордун 2014-2017-жылдардагы иши жөнүндө отчет жана видеофильм биздин www.roza.kg сайтыбызда жеткиликтүү.