АКШнын КРдагы Элчилиги «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» кыргыз тилиндеги 1200 китепти тартуулады

June 12, 2018, 06:00

АКШнын КРдагы Элчилиги жайлоодогу балдар бакчаларындагы балдарды катары менен эки жылдан бери өзүнүн китептери менен кубандырууда. АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин көмөгү менен чыгарылган төрт аталыштагы жалпы саны 1200 нуска болгон китептерди АКШнын КРдагы Элчилиги «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна белекке берди. Китептердин аталыштары: Доктор Сьюз «Эртель ташбакасы», Жаклин Келли «Келпурнии Тейт Эволюциясы», Андреа Бетти «Инжинер Роза Ривера», Андреа Бетти «Архитектор Игги Пек».


Бул китептер мектепке чейинки жана кенже курактагы балдардын таанып-билүүсүн арттырып, алар үчүн мыкты белек болуп калат.


Июндун башынан тартып биз бүткүл республика боюнча бардык Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна тарата баштадык.


Мындан тышкары, региондордо жайгашкан «Америкалык бурчтардын» күчү менен жай айларында Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда китеп окуу, англис тили жана башкалар боюнча мастер-класстар өткөрүлө тургандыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди.


«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору - 2018» долбоору жайкы сезон ачылышынын алдында соңку даярдык көрүү ишин жүргүзүп жатат. Быйылкы жылы республика боюнча 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору өз ишин баштап, балдарды өнүктүрүүгө жана ата-энелерди даярдоого салым кошмокчу.


Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорундагы балдар үчүн китептерди алууга жардамы жана көмөгү үчүн АКШнын КРдагы Элчилигине ыраазычылык билдиребиз.


Маалымат үчүн: Китептер АКШнын КРдагы Элчилигинин Китеп которуу Программасынын алкагында чыгарылды.