«Карегимде Өрүкзар» чыгармачылык кече болуп өттү
June 17, 2018, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналды.
Кече 2018-жылдын 14-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында болуп өттү.
Кечеге КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ЖК депутаты К.Орозова жана элге таанымал акындар, жазуучулар, окумуштуулар жана калемгердин күйөрмандары катышты.
Кече жүрүшүндө Т.Абдымомунов атындагы Кыргы Академиялык драма театрынын артисттеринин аткаруусунда автордун “Айран ичесинерби”, “Кара жаздык”, “Гөркөө”, Ал &тын” аңгемелеринин негизинде мини спектаклдер коюлду жана КР Эл артисткасы Тынара Абдыразаева автордун “Долу”, “Өрүк эне” чыгармаларын монолог түрүндө аткарып берди. Кеченин көркөм режиссеру аталган театрдын жаш талантуу актеру Эркин Эгемебердиев болду.
“Кыз бала” (1999), “Жан шерик” (2000-ж), “Ташка чыккан гүл” (2006-ж), “Акылкасас” (2008-ж), “Всему свое время”(2017-ж), “Кызыл өрүк” (2017-ж) китептеринине автору Т.Шайдуллаеванын чыгармачылыгы тууралуу КР экс-Президенти Р.Отунбаева, КР Эл акыны А.Омурканов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров өздөрүнүн бийик пикирилерин айтып, ойлорун ортого салышты. Р.Отунбаева автордун мындай кечесин Баткенде өткөрүү да пландалып жатканын айтты.
Ал эми КР Эл акыны Гулсайра Момунова өзүнүн Т.Шайдуллаевага арнап жазган ырын окуп берди.
Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барды.