Көңүл айтабыз

June 12, 2018, 06:00

Ушул күндөрү балдар адабияты оор жоготууга учурады. 67 жаш курагында таланттуу акын Асек Казиев дүйнө салды. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылында төрөлгөн. Чыгармачылыкка жетилген курагында аралашса да балдарга , жаштарга арналган ырлардан турган 30 китепти жазып, жарыкка чыгарууга жетишкен.


Анын “Жети-Өгүз кайрыктары» (2000),«Балбай баатырдын керээзи» (2003),«Сарногоевка салам кат» (2003),«Айтылбай калган махабат» (2005),«Ат жалындагы ырлар» (2009) жана башка китептери өзүнүн мээримге, акылгөйлүккө сугарылган, жаш муун үчүн чоң тарбиялык мааниси менен айырмаланган. А.Казиевдин көзү өтсө да, анын ырлары өз окурмандарын эч убакта жоготпойт.


Асек Казиев жаш балдардын китеп окуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонддун ишмердүүгүнө жигердүү катышып, дайым жок дебеген, жумшак мүнөз адам эле. Аталган Фонд тарабынан жүзөгө ашып келаткан "Жылдыздар китеп окуйт", Жайлоо өнүгүү борборлору" демилгелери аркылуу бүт Кыргызстандын аймактарында өзүнүн балдарга арнаган китептерин окуп берип, эрте жаштан балдарга китеп окуу маданиятын калыптандыруу зарылдыгы боюнча ата энелер менен бирге иштешип келген.


Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көӊүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!