КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын дарегине БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасы Мирослав Лайчактан ыраазычылык каты

May 22, 2018, 06:00

КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаеванын дарегине БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасы Мирослав Лайчактын атынан ыраазычылык каты келип түштү.

 

 

БАШКЫ АССАМБЛЕЯНЫН

ТӨРАГАСЫ 

 

 

2018-жылдын 16 майы

 

Улуу Даражалуу,

 

Мен 2018-жылдын 24, 25 жана 26-апрелинде БУУнун штаб-квартирасында Нью-Йоркто болуп өткөн тынчтыкты жаратуу жана тынчтыкты сактоо маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышканыңыз үчүн Сизге чын дилимден ыраазычылык билдирем.

 

Жолугушуу Башкы Ассамблеянын ушул сессиясына катышуунун жогорку деңгээли менен белгиленди жана тынчтыкты жаратууну белгилөө жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун күн тартибинде негизги мааниге ээ болду.

 

Жер-жерлерде тынчтыкты жаратуу жана тынчтыкты сактоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун ишин чыңдоо жөнүндө №2 интерактивдүү диалог тынчтыктын, четтетүүнүн жана ортомчулуктун кызыкчылыгында Бириккен Улуттар Уюмунун комплекстүү чараларынын, анын ичинде тынчтыкты жаратуу боюнча Комиссиянын ролунун баяндамасын жүргүзүүгө, ошондой эле жер-жерлерде тынчтыкты жаратуу жагынан институционалдык ишти күчөтүү зарылчылыгынын өңүтүндө Бириккен Улуттар Уюму жүзөгө ашырып жаткан реформалар процессин кароого мүмкүндүк берди.

 

БУУ тутумунун фрагментациясынан арылуу аркылуу тынчтыкты жаратуу боюнча мүчө мамлекеттердин күч-аракеттеринде аларды жалпыны камтыган жана стратегиялык колдоо боюнча сөз сүйлөгөн панелдик дискуссиянын катышуучусу катары Сиздин салымыңыз үчүн зор ыраазычылык билдиребиз. Интерактивдүү диалог кыйла даражада сиздин ойлонулган идеяларыңыздын жана мүчө мамлекеттердин жана жарандык коомдун таламдарынын аркасында олуттуу ийгилик болду.

 

Мен ушул интерактивдүү диалогго Сиздин жеке салымыңыз үчүн дагы бир жолу өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирем.

 

Учурдан пайдаланып, Сизге өзүмдүн эң жогору урматтоомду билдирүүгө уруксат этиңиз. 

 

 

Мирослав Лайчак 

 

Кыргызстандын Экс-президенти жана

Ортомчулук боюнча жогорку деңгээлдеги

Консультациялык Кеңештин мүчөсү

Улуу Даражалуу Роза Отунбаева айымга