Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлады жана көрүнүктүү кыргызстандыктардын энелерине ыраазычылык катты тапшырды

May 23, 2018, 06:00

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 18-майда, Энерлер күнүн майрамдоонун алдында Кыргызстандын бардык региондорунан келген көп балалуу энелерди салтанаттуу кырдаалда «Баатыр Эне» ордени менен сыйлады, ошондой эле эл аралык аренада өлкөнү даңазалаган жана өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон кыргызстандыктардын энелерине ыраазычылык катты тапшырды.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун атынан Дамира Сартбаеваны мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктайбыз. Бул – коомдун өнүгүшүнө айымдардын маанилүү ролун мамлекеттик деңгээлде таануу, Сиз өзүңүздүн уулуңуз жана кызыңыз үчүн гана эмес, ошондой эле бүткүл көп улуттуу коомубуз үчүн мыкты үлгү болуп калдыңыз.

 

Эске сала кетсек, Асель Сартбаева – Кыргызстандын бүткүл дүйнөгө таанылган алгачкы илимпоз айымдарынын бири. Асель L’Oreal компаниясы ЮНЕСКО менен бирдикте уюштурган «Илимдеги аялдар үчүн» деген белгилүү стипендияны алууга номинанттардын шорт-барагына туш келген жана Улуу Британиянын Королдук химиялык коомунун химия жагындагы 175 дүйнөлүк илимпоздордун тизмесине кирген.

 

Асель Сартбаева ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан жана экономика жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнө инновациялык технологияларды алга илгерилетүүгө кыз-келиндердин жигердүү катышуусу үчүн алардын демилгелерин колдоого багытталган «СТЕМ» программасынын ментору болуп саналат.

 

Азыркы учурда Асель Сартбаева айрым температура режимин сактоо менен кымбат жана татаал ташууну талап кылбаган вакциналарды сактоонун инновациялык ыкмасын издөө жагынан иштеп жатат. Иш оңунан чыккан учурда, анын новартордук илимий иши бүткүл дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн потенциалдуу сактап кала алат жана вакциналардын наркын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берип, аларды өнүгүп келаткан өлкөлөрдө алда канча жеткиликтүү кылат.