«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт

May 17, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жана экономика жана мамлекеттик башкаруу тармактарына инновациялык технологияларды алга илгерилетүүдө кыз-келиндердин жигердүү катышуусу үчүн алардын демилгелерин колдоого багытталган Инновациялык долбоорлордун конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

 

Инновациялык чечимдердин конкурсу (мындан ары – Конкурс) көп этаптуу механизмди билдирет, ал:

1) мамлекеттик башкаруу, бизнес, өнөр жай жана айыл чарбасы жагынан ийгиликтүү инновациялык чечимдерди табууга мүмкүндүк берет;

2) изилдөө топторунун, ЖОЖдордун ортосундагы, КРнын иштеп жаткан бизнеси жана ишканалары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт;

3) илимий-техникалык чөйрөдө кыз-келиндердин потенциалын ачууга жана арттырууга көмөктөшөт;

4) кызыкчылык болгон учурда Кыргыз Республикасынын ишканаларында, компанияларында жана чарбаларында мыкты практикаларды жана идеяларды калыбына келтирүүгө көмөктөшөт.

 

Тематика

2018-жылы Инновациялык долбоорлордун конкурсунун темасы – иштин ар кандай чөйрөлөрүндө жаңы технологияларды киргизүү жана башкаруунун санариптик тутумуна өтүүгө даярдоо.

 

Чакан темалар өзүнө төмөнкүдөй багыттарды камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:

1. маалыматтык технологиялар

2. индустриялык технологиялар

3. энергия жагынан натыйжалуу технологиялар

4. биомедициналык жана агроөнөр жай технологиялары

5. курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүлөрүнө карата адаптациялоо боюнча идеялар.

 

Конкурстук тандоону жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү

Конкурстук тандоо 2018-жылдын майынан тартып 2019-жылдын февралына чейин төмөнкүдөй график боюнча жүргүзүлөт:

Конкурстук тандоонун алкагындагы иш-чара

 Мөөнөт

Жаш адистердин, техникалык ЖОЖдордун студент кыздарынын жана жогорку класстардагы окуучу кыздардын арасында идеялардын улуттук конкурсун жарыялоо. Конкурстук тандоого катышууга арыздарды чогултуу

2018-жылдын майынан тартып июнуна чейин

Конкурстук тандоонун кийинки этабына катышуучуларды тандоо үчүн арыздардын алгачкы экспертизасы

2018-жылдын июну

Арыздарды жеткире иштеп чыгуу, ЖОЖдордун окутуучуларын жана ишканалар менен компаниялардын өкүлдөрүн тартуу менен арыздарды даярдоо үчүн ментордук жардам жана коучинг.

2018-жылдын июнунан тартып сентябрына чейин

Ишкананын/компаниянын ишине идеяларды кийин киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында инновациялык идеяга тиешеси бар тиешелүү ишканалардын/компаниялардын катышуусу менен долбоорлорду презентациялоо

2018-жылдын сентябрынан тартып октябрына чейин

Менторлордун көмөктөшүүсү менен жана долбоордун финансылык колдоосу менен инновациялык (илим-изилдөө жана колдонмо) долбоорлорду өнүктүрүү

2018-жылдын октябрынан тартып 2019-жылдын февралына чейин

Ийгиликтүү долбоорлорду презентациялоо жана долбоордун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн форум

2019-жылдын апрели

 

Айрым этаптарды жүргүзүү мөөнөттөрү тиешелүү этаптын катышуучуларына электрондук почта боюнча жана Конкурстук тандоонун сайтында милдеттүү түрдө кабарлоо менен Уюштуруу комитетинин чечими боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

 

Катышууга укук

Программага катышуу үчүн арызды кыз-келиндер – техникалык багыттагы адистер, техникалык ЖОЖдордун студент кыздары жана КР мектептеринин (гимназияларынын), лицейлеринин, колледждеринин жогорку класстарында окуган кыздар бере алат.

Талапкерлер бир нече арыз бере алат, бирок сунуш кылынган чечимдердин бири гана тандалышы мүмкүн.

 

Арыздарды кабыл алуу

Кызыкдар катышуучулар онлайн-арызды англис же орус тилинде РОД ЭКФнын сайтында толтурууга жана Бишкек убактысы боюнча 2018-жылдын 20-июнуна чейин саат 15.00дөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.

 

Конкурска тиешелүү суроолорду Муховикова Аленага Stemkg_2018@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.

 

STEM конкурсу жөнүндө жобо

№ 1 тиркеме.  Конкурска катышууна арыз 

№ 2 тиркеме.  Инновациялык долбоордун маалыматтык картасы.

№ 3 тиркеме. Инновациялык долбоордун сыпаттамасы.