Кыргызстанда балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө арналган форум башталды

May 15, 2018, 06:00

Бүгүн, 15-майда Кыргызстанда балдардын эрте жашта өнүгүүсүнө байланыштуу биринчи улуттук форум башталды. Анда балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалуусу, адистердин даярдалышы, ата-энелердин баланын өнүгүүсүндө таасирлеринин тегерегинде сөз болот.

 

Иш-чара Юнисеф балдар уюму, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана Ага Хан фондунун өнөктөштүгү менен уюштурулууда.

 

Уюштуруучулардын айтымында, форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.

 

Форум эки күнгө созулат. Бул иш-чара Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү программасынын ичинде каралган.

 

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, баланы 6 жашка чейин өнүктүрүү жакшы жыйынтык берет. Бирок өлкөдө балдарды эрте жашта өнүктүрүүгө тийиштүү шарттар аз.

 

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ар бир 5-баланын бирөө гана мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган.

http://maralfm.kg/