Бишкекте Балдарды эрте өнүктүрүү маселелери боюнча 1-Улуттук Форум

May 10, 2018, 06:00

Пресс-релиз 

Бишкекте Балдарды эрте өнүктүрүү маселелери боюнча 1-Улуттук Форум өтөт

 

БИШКЕК, 2018-жылдын 15-16-майы – Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хана Фонду менен өнөктөштүктө Кыргызстан Өкмөтүнүн колдоосу астында «Балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлөштүрүүнүн келечектери» 1-Улуттук форуму өтөт.

 

«Ар кандай өлкөдө кедейликтен арылуу жолдорунун бири – кенже курактагы балдарды өнүктүрүү үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү», – деп белгилейт КР экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева.

 

Иш-чара балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн алга илгерилетүүгө жана эрте өнүктүрүү боюнча адистерди кесипкөйлөштүрүүгө багытталган. Кенже балалык мезгилди (0дөн 7 жашка чейин) адистер ушул мезгилде болуп өтүүчү өнүгүүнүн бардык аспекттериндеги укмуштуудай өзгөрүүлөрдүн аркасында «сыйкырдуу» деп аташат. Кенже курактагы балдардын ар тараптан өнүгүшүнүн процессинде чечүүчү ролду чоң кишилер ойнойт, алар өнүктүрүүчү чөйрөнү түзөт. Дал туулгандан тартып 3 жашка чейинки куракта балдар денебой, когнитивдик (акыл-эс), эмоциялык жана социалдык жактан алда канча интенсивдүү өнүгүү болуп өтөт. Бул куракта баланын мээси алда канча активдүү өсөт жана өнүгөт. Бул баланы өнүктүрүү максатында эрте кийлигишүүнүн өзгөчө баалуулугун аныктайт.

 

«Кыргызстанда 2 миллиондон ашык бала жашайт, бул калктын дээрлик 40%ын түзөт. Инвестициялар өтө маанилүү. Кенже курактагы баланы өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар болжол менен 7 доллардык киреше берет. Бул кайтарым билим берүү жана саламаттык сактоо жагындагы натыйжаларды жакшыртуунун, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүнүн жана бакубаттуулукка көзкарандылыкты төмөндөтүүнүн эсебинен алынат. Ал ошондой эле улуу курактагы калктын ар жылдагы жекече кирешесин дээрлик 25 пайызга жакшырта алат», - деп белгилейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

 

Балдарды эрте өнүктүрүү процессинде өзгөчө, кыйла маанилүү ролду мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген башка кесипкөйлөр ойнойт. Бирок мугалимдердин 20%ында гана мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштөө үчүн зарыл билими бар, башка мугалимдердин көпчүлүгү айрым учурда талап кылынган окутуудан өткөн эмес. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген, балдардын көпчүлүгү алардан пайда албаган айрым стандарттар бар.

 

Форумда бул тармактагы адистер арасында тармакты түзүү боюнча кадамдарды талкуулоо пландаштырылган. Бул, өз кезегинде, келечекте өзгөчө жогорку тобокелдик даражасы бар шарттарда жашаган балдарга кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн адистерди кесипкөйлөштүрүүгө кызмат кылат.

 

Иш-чарага КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ЖК депутаттары, КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү, ЮНИСЕФтин региондук офистеринин жана Бишкектеги Ага Хан Фондунун, Дүйнөлүк фонддун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жогорку окуу жайларынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин башчылары, өнүктүрүү боюнча өнөктөр, эксперттер, ата-энелер ассоциацияларынын өкүлдөрү, жигердүү ата-энелер катышмакчы. Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, ЮНИСЕФтин Женевадагы региондук офисинин өкүлдөрү, АКШдан, Улуу Британиядан, Австриядан жана Түркиядан келген эксперттер катыша тургандыгы күтүлүүдө.

 

«Форумдун ишинин жыйынтыктары боюнча бардык таламдаш тараптарды тартуу менен кенже курактагы балдарды өнүктүрүүнүн абалын жакшыртуу боюнча иштиктүү диалог үчүн туруктуу иштеген аянтчаны түзүү пландаштырылып жатат», - дейт алдыдагы форум жөнүндө Ага-Хан Фондунун директору Жамиль Уддин.

 

Иш-чаранын биринчи күнү, расмий ачылыштан кийин, төмөнкүдөй темалар боюнча секциялык иштер жүргүзүлөт:

• Эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим жагынан кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдөгү мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр.

• Эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү жагынан сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн эрте өнүктүрүү боюнча адистерди кесипкөйлөштүрүү.

• Эрте өнүктүрүү жана кадрларды бекемдөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өнөктөрдүн маалымдар болушун арттыруу.

• Кенже курактагы балдарды өнүктүрүүдө ата-энелердин ролу жана маалымдар болууну арттыруу ыкмалары.

• Социалдык коргоону камсыз кылуу, эрте табуу жана кийлигишүү үчүн сектор аралык кызматташтык.

 

Пленардык жыйналыш Форумдун экинчи күнү өтөт. Атайын сөз менен төмөнкүлөр сүйлөйт: КР билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, Гамбург Университетинин профессору Манфред Претист жана Мэри О Рейли, Нолетты Смит сыяктуу бир катар эксперттер, башка чет өлкөлөрдүн адистери. Ошондой эле 5 секцияда тематикалык талкуулоонун жыйынтыктоочу презентациясы өтөт.

 

 

###

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) эң жарды балдарга жардам көрсөтүү үчүн 190 өлкөдө иштей     т. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши жөнүндө алда канча кең-кесири маалымат алуу үчүн биздин төмөнкү сайтыбызга киргиле: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ru жана Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарындагы биздин беттерибизге жазылгыла.

 

Кең-кесири маалымат үчүн төмөнкүлөргө кайрылгыла:

Марина Гречаннаяга 0777 60 88 60 0312 62 35 91, КР Билим берүү жана илим министрлиги

Топчугуль Шайдуллаевага, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ, shaidullaeva@gmail.com, 0552 855 710

Айпери Алымбековага, ЮНИСЕФ, aalymbekova@unicef.org 0777 91 91 43